Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атамбаев “Гансини” чыгарбай койсо, эрктүүлүк кылмак

Атамбаев “Гансини” чыгарбай койсо, эрктүүлүк кылмак

10-январь, 02:20
1 458 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушу күндөрү Ирандагы окуялардан кийин ар кандай талкуулар күчөдү. “Учурда камакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2014-жылы АКШнын авиабазасын ырас эле чыгарган экен, болбосо Кыргызстан да Иран бутага алчу мамлекеттердин катарында калмак” деген пикирлер көбөйдү. 


Алмазбек Атамбаевдин сөз жүзүндө “Ганси” авиабазасын чыгаруу боюнча жүйөсүнүн бири ушул болгон. “АКШ менен Иран ортосунда согуш чыгып кетсе, борбор калаадан 25 чакырым гана алыстыкта жайгашкан “Манас” аэропортуна Ирандын ракеталары учуп келбейт (?) деп ким кепилдик берет?” деген. Бул эми күлкүлүү нерсе. АКШнын аскер базасы жок кайсы мусулман-араб мамлекети бар? Иранды айланта тегеректеп АКШнын ондогон аскер авиабазалары жайгашкан. АКШ ошол аскер базаларын колдонбой, миңдеген чакырым алыстыктагы Кыргызстандагы жүк ташыган авиабазасы аркылуу ракеталарды учурмак беле? Алмазбек Атамбаевдин геосаясатты, Жакынкы Чыгыштагы абалды билбестигине жөнөкөй эле бир мисалды жазуучу, журналист Олжобай Шакир ал менен Сауд Арабиясына барып келгенден кийин “Атамбаевдин арабдагы авантюрасы” деп жазып чыккан. Атамбаев абсалюттук монархия, үй-бүлөлүк бийлик бар Сауд Арабиясына барып, Кыргызстандагы үй-бүлөлүк бийликти кантип жок кылганын айтып, арабдарга мактанганы айтылган эле анда. Сауд Арабиясында туруп, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу салынарын, “ал жол курулса, Иран менен соода-сатык алака эселеп өсүп, карым-катыш өнүгөт” деп үмүттөнүп жатканын айтканы да бар. Сауд Арабиясы менен Ирандын мамилесин билген адам Эр-Рияддан ушундай билдирүү жасайбы? АКШнын “Гансиси” өз мөөнөтү келип, чыкты. Артында Путин сайгылап турганда, келишимди узартпай коюуга көп деле эрктин кереги жок. Тескерисинче, “Гансини” чыгарбай койсо, Атамбаев эрктүүлүгүн ошондо көрсөтмөк. Тагыраагы, Атамбаев Путиндин сөзүн эки кыла албай, “мөөнөт узартылбайт” деди, алар чыгып кетти. Эгер Россия аралашпаганда келишим узармак да, АКШ базасы калмак. Эми бул башка маселе.

Эми Ирандагы абал эмне болуп өзгөрөт, согуш чыгып кетпейби (?) дегенге жооп издеп көрөлү. Иран бийлиги АКШнын Ирактагы эки аскер базасына ракеталарды учуруу менен Касем Сулейманинин кунун кууп бүттү. АКШ бир да жараны набыт болбогонун билдирди. Демек, Иран алдын ала ал жакта АКШ аскерлери жок экенин билип, ракета учурган. Бирок, азыр кезек Трампта. Трамп күтүүсүз кадамдарга барып ийчү адам...


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер