Жайкы аптаптан кантип сактанабыз?
Жай, аптап. Сыртта абанын табы 30-35ке жетип жаткан учуру. Андыктан ысыктан абайлаңыз.
Төмөндө мээ кайнаткан ысыктан кантип сактанып, кантип тамактансак пайдалуу болоруна жооп издейбиз. Ошондой эле бөлмөнүн, унааңыздын ичин салкындатуу ыкмалары сунушталат.
Дарыгерлер мээ кайнаткан ысыкта дарактын арасында жашыл чөптө жылаңайлак басууну эң пайдалуу дешет. Мындай учурда адамдагы негизги клеткалар, точкалар ойгонуп, организмде кан айлануу жакшырат.
Ал эми эшикке чыгууга мүмкүн болбогондой аптап уруп, бөлмөгө кирсеңиз аба жетпей, дем кысылып жатса эмне кылуу керек? Кандай ыкмалар менен ысыктан сактансак болот?
Күндүн ысыгынан өзгөчө кимдер сактануулары керек: инсультка, инфарктка кабылгандар, онкологиялык, жогорку кан басым, ишемия жана стенокардия оорусу барлар, толук адамдар.
-- ысык болуп турган кезде узакка күндө жүрбөө керек. Өзгөчө күндүзгү саат 11ден кечки 5ке чейин;
-- күн катуу тийген убакта коомдук унааларда жүрүүдөн качыңыз;
-- көчөдө көлөкө жер менен жүрүүгө аракеттениңиз, убак-убагы менен кондиционери бар имаратка (мисалы, дүкөн, супермаркеттерге) кирип сергип алсаңыз болот.