Мэр Жунушалиев самокат, скутер айдагандарды тыйбайбы?

Бишкек шаарына инвестиция тартуу, заманбап көрүнүштө өнүктүрүү, реформа жасоо жагынан Айбек Жунушалиевдин алы келбеси байкалып калды. Чама-чаркы чектелүү экен. Эми жок дегенде тартип, ырааттуулук таризинде аракеттенип койбойбу? Маселен, парктарда, тротуарларда басуу, сейилдөө кооптуу болуп калды. Самокат, скутер айдагандар ызгып өтүшүп, жөө жүргүнчүлөрдү кагып кеткен фактылар арбып баратат. Дал ушундай башаламандыкка шаардыктар нааразы. Баш-көз жарылып, кол-бут сынып, ар кандай жаракат алгандар арбын. Натыйжада, эң жөнөкөй даттанууларды өтөсүнө чыгыш керек да. “Кырсык алып келген” бизнес ээлерине алы жетпесе, анда Жунушалиевдин эмнеси мэр? Кайдыгерликтин, шалаакылыктын чеги болуш керек да! Сөзсүз эле Садыр Жапаров же Камчыбек Ташиев бул маселеге кийгилишүүсү зарылбы? Кичине акыл калчабасак абал начарлап баратат...
"Азия Ньюс" гезити