Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мындан ары өлгөн адамдын сөөгүн өрттөөгө тыюу салынды

Мындан ары өлгөн адамдын сөөгүн өрттөөгө тыюу салынды

05-август, 00:07
31 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Кыргызстанда маркумдарды кремациялоого (сөөктү өрттөөгө) тыюу салынды. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

     Ага ылайык, маркумдардын сөөгүн, ошондой эле түйүлдүктөрдү өрттөөгө тыюу салынды. Ал эми таанылбаган жана өлүкканада бир топко жатып калган, сурап алары жок сөөктөр жерге гана көмүлөт. Бирок медициналык процедуралардан кийин калган органдар жана ткандар өрттөлүшү мүмкүн.

     Крематорийлер медициналык биологиялык объектилерди санитардык жол менен жок кылуучу атайын жай катары аныкталып, аларды бюджеттин же жеке инвесторлордун каражатына курууга болот.

     Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен депутат Болот Сагынаев демилгелеген мыйзам долбоорун парламент 25-июнда кабыл алган.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер