Нарис Калчаев: “Үч миллиард доллардан эмне себептен баш тартышканы түшүнүксүз”

-- Нарис мырза, Кумтөр маселеси эмне болду, аягына чыктыкпы?
-- Кумтөр маселесинин аягына чыгышты. Бирок, өздөрү айтып жүргөндөй, эл каалагандай эмес, бийлик өзүмбилемдигин кылып, экологиялык чыгымдарды кечип, “Центерраны” сүттөн ак кылып актап салышты. Айрымдар Канададан алтыны менен чогуу тоо көчүрүп келгендей “биз уттук, жеңдик!” деп шапкелерин көккө ыргытып сүйүнүштү... Тарых баарын жөнгө салат. Кимдин ким экенин убакыт көргөзөт. Азыркы бийликтин үч миллиард доллардан эмне себептен баш тартышкандыгын түшүнбөй турам. Акцияны итбекер бергендигинин баасы бүгүнкү күндө жети жүз миллион доллар болчу, мунусу да белгисиз бойдон калды.
-- Мындан аркы Кумтөрдүн тагдыры эмне болот?
-- Мындан аркы Кумтөрдүн тагдыры эгер кен казууда олуттуу өзгөрүүгө барбаса жаман болот. Анткени, азыр кенден түшкөн пайданын баарын бюджетке салып, өзүнө акча аз каралып жатат. Ошол себептен кен казуунун көрсөткүчү төмөндөп кетиши мүмкүн...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити