Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жолборс Жоробеков, профессор: “Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин жасап жаткан иштери маңыздуу”

Жолборс Жоробеков, профессор: “Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин жасап жаткан иштери маңыздуу”

04-ноябрь, 18:33
1 116 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жолборс аке, көптөн бери көрүнбөй кеттиңиз. Эмне менен шугулданып жатасыз?

-- Улам жаш өйдөлөгөн сайын түбөлүктүү нерселерди ойлойт экенсиң. Акыркы 40 жылга жакын мезгилден бери күнүмдүк саясатты изилдеп келе жатам. Жакшысы да, жаманы дагы болду. Бул эми узак сөз. Кийинки чейрек кылымда ар кайсы гезит-журналдарга чыккан макалаларымды тандап, “Кыргызстандагы саясаттын эволюциясы” деген китепти жарыкка чыгардым. Ага удаа эле Абдыганы Эркебаевдин саясый портретине арналган эмгегим жарык көрдү. Быйыл он жылдан бери тийип-качып жүргөн “Оргу” деген (мен өзүм өкүлү болгон) кырк уруунун бири жөнүндө чоң китеп жаздым. Бул жерде тарых, этнография, санжыра жана Оргудан чыккан жүздөгөн инсандардын өмүр баяны бар. Азыр баш-отум менен заманыбыздын залкар дарыгери, Кыргыз Эл Баатыры Миталип Мамытович жөнүндө эмгек жазып жатам. Бул уникалдуу кишинин (өзүм врач болбосом да) адамдык касиетин ачып берүүгө чоң далалат коюудамын. Менин оюмча, окурмандарды өтө кызыктырган, көп кырдуу инсандын балалыгы, окуусу, илимий даражасы, акыр-аягында Кыргыз Эл Баатырына чейинки байсалдуу жолу. Өзүнүн массалык маалымат каражаттарындагы берген маектерин кеңири пайдаландым.

-- Анда сиз 2025-жылга карата да бир топ иш пландарды мелжеп жатсаңыз керек...

-- Албетте, мен Улуттук илимдер академиясында иштейм да, ал жердеги планым боюнча “Кыргызстандагы башкаруу системасынын трансформациясы” деген өтө салмактуу китеп даярдап жатам. Анда Акаевден баштап Садыр Жапаровго чейинки президенттердин ишмердиги да кызыл сызык менен өтөт. Мындан башка келерки жылы Исхак Раззаковдун туулганына 115 жыл болот. Ошого карата “Улуттун улуу инсаны” деген китебимди жаңы материалдар, жаңы табылгалар, фактылар менен толуктап, экинчи басылышын чыгарам. Булардан башка Кыргызстандын соңку жаңы тарыхында, анын саясатына терең из калтырган бир инсан жөнүндө да көп жылдан бери материалдарды чогултуп жүрөм, үлгүрүп калсам, ал да чыгып калышы ажеп эмес.

Эми Сурат, азыр интернеттин заманы болгондуктан этектей-этектей материалдарды эч ким окубай калды. Ошондуктан сага да тезис формасында, телеграфтын методу менен жооп бергеним оңдур.

-- Жолборс аке, сиз чоң саясаттын ичинде да, сыртында дагы болдуңуз, изилдеп да жүрөсүз, идеология жөнүндө кеп козгосоңуз? 

-- Кийинки кезде Кыргызстанда “Биз кайда баратабыз? Кандай өлкө курабыз? Идеологиябыз кандай болот?” деп издөөнүн дагы бир жаңы чоң толкуну жаралды. Бул да Акаевдин, Бакиевдин мезгилиндегидей жазмакер, сүйлөгөнгө маш жигит-кыздарды чогултуп, идеологияны издеп таап, анан элге жарыялап, элге сиңиребиз (!) деген илгери үмүт, жакшы план экен. Мындай алгылыктуу иштер жогоруда айтылгандай, Акаев, Бакиев, Атамбаевдердин заманында да мезгил-мезгили менен идеологияны издөө кампаниясы башталып, чоң-чоң доктриналар, хартиялар жазылган. Бирок элге сиңбеди, көпчүлүк аны колдонбоду. Карапайым калк өзүнчө, ал эми идеология боюнча алынган документтер бир башка, карама-каршылык орун алды. Эл алар айткан идеяларды ээрчибеди, ал документтер мыйзамсыз төрөлгөн баланын кейпинде калды. Болбосо ал идеологиялык документтерди азыр көздөрү өтүп кеткен мезгилинде кыргыз элинин “акылы жана ар-намысы” деп эсептелинген, дүйнөлүк деңгээлде ой жүгүрткөн ири интеллектуалдар аралашып, ошолордун тикеден-тике катышуусу менен жазылган эле. Алардын көзү тирүү, айрымдары азыр академик, илимдин докторлору, Кыргызстандын илим-билимине эмгеги сиңген таанымал адамдар.

Бакиев ал кездеги маданият министри Султан Раевге идеологияны жазуу боюнча тапшырма берген. Кийинчерээк гезиттердин бирине “Султандык идеология” деп материал чыкканы да эсибизде.

Булардын баардыгын терип-тепчип айтып жатканымдын себеби, отуз жылдан ашуун эгемен жылдарыбызда идеологияны тынымсыз эле издеп, бирок такыр эле таппай келебиз. Эми мыйзамдуу суроо туулат: “Эмне үчүн ал идеология боюнча жазылган жана кабыл алынган документтер иштеген жок, эл массасына сиңген жок?” деген.

-- Анда сиз айтыңызчы, эми эмне кылалы?

-- Биз жаңы Конституция кабыл алганбыз. Ошол жерде баардыгы так, даана жазылып турат. Биз кандай мамлекетпиз, башкаруу системабыз кандай? Мына ушуларды гана чечмелеп, элге түшүндүрүшүбүз керек. Кайдагы бир “уңгу жолго”  эл түшүнбөйт. Мурдакылардыкы элге сиңбегенинин биринчи негизги себеби: президент, премьер-министрлер баш болуп, алардын жасаган иштери бир башка, ал эми дүйнөлүк деңгээлдеги ал документтер бир башка болуп, сөз менен иши дал келбегендиктен, эл ишенген эмес. Айталы, “Айдар мамлекеттик ишке киришип, биздин карызыбызды кечтирет” деп, “Максим өтө акылдуу, инвестиция тартат” деп алар үй-бүлөлүк башкаруу, коррупциянын башатында турушпадыбы! Азыр кырдаал ага салыштырганда көп жагынан айырмаланат. Мына Садыр Жапаровдун айткан-деген сөздөрү ишке ашып, пенсия-пособие, бюджеттик кызматкерлердин маянасы көбөйүп, ири курулуштар башталып, иш орундар түзүлүп, элде кандайдыр бир деңгээлде ишеним пайда болду. Ал эми Камчыбек Ташиев жасап жаткан иштер боюнча кененирээк токтолсом болот эле, эми сенин гезитиңдин талабын эске алып, кыска гана токтолоюн.

Коррупцияга каршы күрөш, анын жүрүшү коомдук пикирди (калыптанып калган) өзгөрттү. Болбосо жакында эле балдарыбыз “ОПГ болом, анан депутат, министрликке жетем” деп калышпады беле? Ошондуктан алардан миллиарддаган сом казынабызга түшкөнүнөн да башка эч нерсе менен өлчөнгүс тарбиялык жагы өтө чоң. Эгер мурдагыдай эле коррупция күчөп турса, Кыргызстандагы ар бир мектепке бирден Гапыр Мадаминовду жиберсек да эффект бербейт эле. Азыр жаш балдар да, алардын ата-энеси да “маңдай тер менен жашаш керек экен, болбосо эртеби-кечпи сөзсүз жооп берчү мезгил келет тура” деп калышты.

-- Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, бу идеология эмне өзү?

-- Эми бул жөнүндө Япониянын, Американын мисалында узак айтсак болор эле. Бул да болсо биздеги советтик менталитеттин калдыгы го. Өтө кыска айтканда, идеология – бул азыр Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин элди ишендирип айткан-дегендери, жасап жаткан иштери. Бир гана ойлогонум, Айдар менен Максимдей болбосо экен. Аларды убагында жерге-сууга тийгизбей мактап сүйлөгөндөр дале арабызда жүрүшөт...

-- Курултай боюнча да учкай токтоло кетсеңиз?

-- Курултайды колдош керек, жылдан-жылга оңолуп-түздөлүп келе жатат. Бул жөнүндө да өзүмдүн өзгөчө оюм бар, башка жерде айтармын. Курултай жөнүндөгү мыйзамды оңдоо керек, мүмкүн Конституциянын да айрым жерлерине оңдоолор киргизсек, максатка ылайыктуу болот шекилди. 

Кыргыздар “Көч бара-бара түзөлөт” дегендей, курултайдын статусун көтөрүү керектир, мүмкүн анын алкагында эки палаталуу парламент түзөрбүз. Курултайга жергиликтүү жетекчилер, облустардын губернаторлору да делегат болуп, алар жылына бир жолу бюджетти караганда, президенттин парламентке жана элге кайрылуусун укканы гана чогулушат. Бир спикер, бир аппарат эле болот. Буларга эч кандай командировочный, мейманкана ж.б. эч нерсе каралбашы керек. Болбосо, “бекер тамак, бекер жол кире, мейманкана” деп кыргыздар кырылышып калат эмеспи.

Дагы башка варианттарын карап көрсө да болот. Анткени курултай – ата-бабадан келе жаткан өкүлчүлүк орган. Ага оозунда сөзү бар, интеллектуалдык деңгээли жогору инсандар өз ыктыяры менен келишип, ойлорун ортого салышы керек. Эми бул жана ушуга окшогон бир канча маселелер жөнүндө жетекчиликке кулак кагыш кылып коюш биздин милдет, алар угабы же укпайбы бул башка маселе.

-- Жолборс аке, бу отуруп алып жазгандан башка өзүңүз бирдекелерди окуйсузбу?

-- Албетте, ансыз болбойт да, бирок мурдагыдай чоң-чоң роман, повесттерди көп окубай калдым. Ага атайын эле кайрылбасаң, мындай чоңураак чыгармалардан акыркы окуганым эле Арслан Койчуевдин романы болду окшойт. Мүмкүнчүлүк болуп калса Маматтын, анан Топчугүлдүн ыманы ысык кыска-кыска аңгемелерине үңүлөм. Анан саясат боюнча Кыргызстандан чыккан китептердин баардыгын сөзсүз окуйм. Тил билбегениме аябай өкүнөм, ошондуктан, дүйнөлүк дөө-шаалардын эмгектерин котормосунан окуйм. Алардын бири азыр окуп жаткан Генри Киссинджердин “Управлять силой” деген макалалар топтомун карап жатам. Иши кылып “баш кашыганга чоло жок” дейт беле?..

-- Рахмат, дагы бир топ пландаштырылган суроолор бар эле, аны кийинкиге калтырайын. Убакыт таап, маек курганыңызга алкыш!


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер