Министр Улан Ниязбеков отуз жылда жасалбаган реформанын өтөөсүнө чыгабы?


Аныгында, генерал Улан Ниязбеков ички иштер министрлигинин ишин жөнгө салып, алдыга жылдырып жатканы укук коргоо системасында жигердүү жүргүзүлгөн аракети экени ачык байкалууда.
Мурда министрлик элге эмес, бийликке кызмат кылып, Акүйдү коргоп, калкка каршы иштеген. Мисалы, 2020-жылы 2-мартта Садыр Жапаровду абактан бошотуу боюнча өткөрүлгөн митинг милициялар тарабынан күч менен таратылып, ит менен куудурган. Итти куралсыз, карапайым элге айдактап, согуш мезгилинде фашисттер туткундарды кайтаруу үчүн пайдаланган. Ал эми андагы министр Кашкар Жунушалиев алкынган кабанаак иттерди тынчтык митингинин катышуучуларына каршы колдонгон. Ал ошол “эрдигин” улантып, 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, тынчтык митингин өткөргөн жаштарга каршы милицияларды тукуруп, кагылышууларды атайын уюштурган. Бирок, ал тактикасы ишке ашпай, эл утушка ээ болуп, бийлик алмашты. Ал эми ички иштер министрлигин башкарууда туура эмес саясат жүргүзүп, формачандарды элге каршы коюп, жек көрсөткөн Кашкар Жунушалиев изин жашырып, качып жүрөт.
Өткөн жылы жаңы дайындалган министр Улан Ниязбеков октябрь окуяларынан кийин моралдык духу түшкөн, ички тартиби бошоңдогон, ар ким өз билгенин жасаган курамы бар министрликти колго алар менен башкаруу саясатын өзгөрттү. Эл менен милициянын арасын жакындатуу, жоголгон ишенимди арттыруу максатында бел байлап, жалпы айтылган сын-пикирлер кабыл алынып, мыйзам алдында баардыгы бирдей экендигин далилдөөгө аракет кылууда. Мисалы, жакында Ош шаарынын ГОМдун башчысы жол эрежесин бузуп, каршы тарапка машинасын айдаганы, ошондой эле ага эскертүү берген жаранга кол салганы үчүн кызматтан алынды. Азыркы учурда жол кырсыктары көбөйүп, анын алдын алуу үчүн министр жол кыймылын көзөмөлдөөчү бөлүккө катуу талаптарды коюп, алардын шалаакы жүргүзүп жаткан иштерин “канааттандырарлык эмес” деп баа берген.
Буга чейин бир да министр жайкы сезондо туристтерди кабыл алуу маселесин көтөргөн эмес. Ал эми Улан Ниязбеков жайдын башталышында Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын курамы менен атайын жыйын өткөрүп, жайкы сезондо туристтерди тосуп алуу, аларга жардам берүү, маданияттуу, сый мамиле жасоо керектигин өздүк курамга катуу дайындаган. Ошондон бери “көлдө милициялар туристтерге маданияттуу мамиле жасап, сый көрсөтүп жатат” деп айтышууда.
Милицияга болгон элдин ишенимин арттыруу үчүн алгылыктуу иштер жасалууда. Азыр “Менин милициям – мени коргойт!” деген сөз иш жүзүнө ашып жатат. Улан Ниязбеков ишин гумандаштыруу менен бирге өздүк курамдын тартибин бекемдеп, милициядан ишине так болууну, таза иштөөнү талап кылууда. Азыр коомчулукта кылмыштардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер менен бирге оперативдүү аракеттер да жигердүү жүргүзүлүп жатат. Укук коргоо системасын оңдоого белсенип киришкен министрдин алгылыктуу аракеттери коомчулук тарабынан колдоого ээ болуп, милицияга болгон ишеним артып, аброю көтөрүлүүдө. Аны милиция өзү элге ак кызматы менен далилдей баштады. Мисалы, Ысык-Ата районунун Ивановка айлында толготкон аялын төрөтканага жеткире албай калган жигит айласы кеткенде кан жолдогу МАИ постундагы жигиттерден жардам сураган, ошентип инспекторлор жарандын уулунун төрөлүшүнө жардам беришкен. Бул изги иш ички иштер министрлиги оңолуп, иш алдыга жылып, милиция элге жакын болуп, министр Улан Ниязбеков тарабынан өлкөнүн коомдук тартипти сактоо саясаты туура жүргүзүлүп жатканын күбөлөп турат.
Ал эми 24-августта президент Садыр Жапаров ИИМдин борбордук аппаратына келип, коллегияга катышты. Ички аскерлердин 80 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара жогорку деңгээлде өткөнүнө күбө болдук. Санариптештирүүнүн алкагында мекеменин бөлүмдөрү акыркы үлгүдөгү техникалык жабдуулар менен камсыздалганы, онлайн-жыйындарды өткөрүү залы ачылганы, пресс-студия борбору ишке киргени, шаарда, аймактарда эл көп чогулган жерлерде видео-байкоолор орнотулганы, о.э. милиция кызматкерлери жаңы техникалар, формалар, курал-жарактарга жетишкени кубандырды. ИИМдин башкы имараты капиталдык оңдоо-түзөөдөн өттү. Эң башкысы, министр Улан Ниязбеков өздүк курамга шарт түзүү менен элдин тынчтыгын, коомдук-коопсуздук абалды сактоого чындап киришкени байкалды. Бул ийгиликтин чекеси гана, алдыда дагы түмөн түйшүктүү иштерди жүзөгө ашыруу, президенттин тапшырмаларын аткаруу жана мамлекеттин туруктуулугу үчүн жан аябай эмгек кылуунун мезгили келгенин кошумчалайбыз.
"Азия Ньюс" гезити











