Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Дегенбаев: “Биздин товарлар Казакстандын территориясында себепсиз текшерилүүдө”

Бакыт Дегенбаев: “Биздин товарлар Казакстандын территориясында себепсиз текшерилүүдө”

13-ноябрь, 09:30
1 119 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өзүбүздүн өндүрүүчүлөр бүгүн кандай абалда? Чек ара маселелери дайыма көйгөй жаратып келет, жылыштар болуп жатабы?

-- “Өндүрүүчүлөр жакшы абалда” деп айткандан алысмын. Буга бир топ себептер бар. Светтин чектөөсү, өчүрүлүшү өндүрүүчүнү ыңгайсыз, жакшы эмес абалга алып келүүдө. Свет болбосо эч нерсе иштебей калат, өндүрүш токтойт. Келе турган инвестор деле ойлонот да, “бүгүн келип Кыргызстанга инвестиция кылсак, өндүрүштүк бир мекеме түптөсөк, эртең свет өчсө кандай болот?” деп чочулашат. Мындай жагдай инвестициялык потенциалыбызды кескин түрдө төмөндөтөт.

Текстиль тармагы бирде жакшы болсо, бирде жаман. Анткени, өндүрүлгөн товардын 90%ы Россияга сатылууда. Ошол товар Казакстандан транзит менен жеткирилет. Ошол жерде чоң чатак болуп аткан кез. Биздин товарлар Казакстандын территориясында себепсиз токтотулуп, текшерилүүдө. Кечээ эле 5-7 күндө жеткирилген товар учурда 25-30 күндө жеткирилип, биздин өндүрүүчүнү ыңгайсыз абалга калтырууда. Анткени, убагында заказдар аткарылбай, берилбей жатат. Бул дагы биздин инвестициялык потенциалыбызды бузууда. Мындай көрүнүш улана берсе, эртең заказдар башка (бизге атаандаш) өлкөлөргө кетип калышы толук ыктымал.

Логистика маселеси – биздин жалпы алсыз жагыбыз. Бизде бир эле маршрут бар, бул – Россия. Башка альтернатива жокко эсе. Ошондуктан “логистика, транзит деген маселелерди тез арада чечүүбүз зарыл. Кыргыз өндүрүүчүнүн төрт тарабы ачык болушу шарт. Экономиканын жана ИДПнын өсүшү ушуга байланыштуу.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер