Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садык Шернияз: “Бокем үчүн эң биринчи байлык ар-намыс эле”

Садык Шернияз: “Бокем үчүн эң биринчи байлык ар-намыс эле”

15-сентябрь, 23:11
609 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Болот Эсентаевич коомдук ишмер, мамлекеттик кызматкер, мекенчил уул жана инсан катары улутка, мамлекетке кызмат кылуунун эӊ жогорку үлгүсүн көрсөтүп кетти. Далай саясатчыны көрдүм, бирок мекенчил, улут жандуу, кыргыз элине жана жерине болгон чексиз сүйүүсүн иши менен далилдеген Боке болду...” деп саясатчы Каныбек Иманалиев белгилеген. Элине изи калган Болот Шердин ашы 16-сентябрда Таласта, Чоң-Капка айылында өткөрүлгөнү турат. 

-- Болот Шердин эскерүү ашы өткөнү турат. Агаңыз тууралуу кандай өкүнүч, эскерүү ойлоруңуз бар?

-- Бокем көп жашап, балдарынын жакшылыгын көрсө болот эле... Бирок менимче, ал таасын турмушта жашады. Эрлерче жүрдү. Шерлерче кетти. Мен анын өмүрү менен сыймыктанам. Кеп адамдын канча жыл жашаганы эсеп эмес. Ошону бекем карманам. Бокем айткандай, “эң биринчи байлык ден-соолук эмес, эң биринчи байлык ар-намыс” дегенди баса белгилегим келет. Ошол туура сөз. Адамдын канча жыл жашаганы кеп эмес экен. “200 жашка чыксаң деле эч нерсе кылбасаң ошол да кеппи?” деп бир кезде Райкан Шүкүрбеков акын агабыз айткан экен. Ошол сыяктуу канча жыл жашаганда эмес. Канча жыл аз жашасаң дагы, бирок эл жериңе кызмат кылсаң, аракет кылып күйүп, артыңда из калтырып өтсөң жашоонун маңызы ошол да. Бокем ардактуу атка татыктуу болуп кетти. Артында жасаган иштери калды. Жакшы ойлорду калтырып кетти. Жакшы шакирттерди, досторду күттү. Элдин жүрөгүнөн түнөк тапты.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер