Дүйнөдө коронавирусту үчүнчү жолу жуктуруп алгандар болууда
Дүйнөдө коронавирусту үчүнчү ирет жуктуруп алгандар болууда, дарт мурдагыдан да оор өтүп жатат. Бул тууралуу инфекционист, медициналык борбордун жетекчиси Евгений Тимаковго таянуу менен РИА Новости жазды.
"Мындайча айтканда, вирус иммундук тоскоолдуктардын баардыгын жеңип, экинчи-үчүнчү жолу деле жуга берет. Көп учурда үчүнчүнүн башкаларга салыштырмалуу кесепети оор болот", - деген медик Россиядагы эпидемиологиялык кырдаалга арналган маалымат жыйында.
Тимаков өлкөдөгү үчүнчү толкун менен байланышкан индиялык штаммдын (дельтанын) өзгөчөлүгүн белгилей кетти. Анын айтымында, инфекция жуктурган бир жуманын ичинде адамдын абалы оорлошуп, ооруканага жаткырууга туура келет.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму SARS-CoV-2нин төрт түрүн "тынчсыздандыруучу" тизмеге киргизген: альфа (Британия), бета (Түштүк Африка), гамма (Бразилия) жана дельта (Индия).
Эксперттердин айтымында, акыркысы Ухандан чыккан вирустан да эки эсе коркунучтуу, ошого карабай дагы мутацияланып жатат. Жакында эле анын дельта-плюс түрү пайда болгон.