Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жамин Акималиев: “Элибиздин басымдуу көпчүлүгү Садыр Жапаровдун саясатын колдойт”

Жамин Акималиев: “Элибиздин басымдуу көпчүлүгү Садыр Жапаровдун саясатын колдойт”

21-апрель, 20:50
1 490 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз дыйканчылык илимий изилдөө институтунун директору, академик менен маек.

-- Жамин ага, учурда кайсы көйгөйлөр жүрөгүңүздү өйүп турат? Чийки май жегендей болгон жоксузбу?

-- Менин жүрөгүмдү оорутуп, чийки май жедирген көйгөй – бул айыл чарбасы. Анткени, элет жеринде калкыбыздын 65 пайызы жашайт жана алар тамак-аш өндүрөт. Экинчиден, азык-түлүк коопсуздугу болмоюнча, мамлекеттик коопсуздук ордуна тура албайт. Тилекке каршы, айыл чарбасын башкарган Жаныбеков жакшы иштей албай жатат. Кеп жеке мамиледе эмес. Мен айыл чарба институтунун ректору болуп турган учурда ал менин студентим болгон. Бирок, министр болуш бул башка маселе да. Иштегенине бир жылдан ашты, бирок жыйынтык начар. Сөзү көп, иши жок. Чындыгында, агрардык комплексти башкарууга анын дарамети жетпей калууда. Ботом, өткөн жылдары элибизди нан, кумшекер, өсүмдүк майы, эт, жумуртка, мөмө-жемиштер менен толук жана арзан баада камсыздап келбедик беле? Эми эмне болуп кетти? Кайырчыдай болуп колубузду сунуп, башка өлкөлөрдөн тамак-аш сурап жүрөбүз. Акылга сыйбаган иш да. Бул уят. А уят деген өлүмдөн катуу. Ушуну эмне үчүн Жаныбеков түшүнбөйт жана эл үчүн ал жанын сабабайт? Кыргыздын жериндей берекелүү жер эч жакта жок. Кыргыз элиндей күжүрмөн элди табуу кыйын. Кептин баары жетекчиликте болуп жатпайбы. Эмне үчүн биз бир киши үчүн экономикабыздын ири тармагын садага чабышыбыз керек? Аскарбек Жаныбеков айыл чарбасын көрүнөө эле жайлап жатат. Эми ушундан бир жыйынтык чыгарбайбызбы? 

-- Президент Садыр Жапаровго кандай кеңеш айтат элеңиз?..

-- Мындай ачуу сөздөрдү айтып жатканындым себеби, Садыр Жапаров өзү айкөл адам болгону менен ак көңүл экен. "Ак көңүлдүн аты арыбайт" деген кеп бар эмеспи. Мамлекет башчыбыз кадр тандаганда катуу турса экен деген ойду айткым келет. "Кадрлар бардыгын чечет" деген акылман сөздү унутпашыбыз абзел. Ушуга байланыштуу президентибиз өкмөттүн курамын бир силкип албаса болбой калды. Мисалы, мен үчүн бир эле учурда министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттик администрациянын жетекчиси болуп Акылбек Жапаровдун дайындалып калышы таптакыр түшүнүксүз. Элди алдоо мүмкүн эмес. Жалпы журтубуз Акылбек Үсөнбековичтин өткөн мезгилдеги кылган жоруктарын жакшы билет. Башкесер Бакиевди "айланайын падышам" деп көзүнүн агы менен тең айланып, колун жалаган ушул Акылбек эмес беле?! Таластык туугандар токмоктоп коёрдо, жанын араң сактап калганычы? Атагы алыска кеткен МИС деген республикабыздын алдыңкы чарбасын Акылбек Жапаров "ап" этип койгонун кантип жашырабыз? Анан ушундай "кадр" өкмөттү башкарса, ага ким ишенет? Эл ишенбесе, иш да болбойт. 

-- Ар бир падышанын кара кылды как жарган кеңешчиси болуш керекпи?

-- "Жалгыз дарак токой болбойт" деген сөз бар. Айтайын дегеним, жалгыз президент (эгер анын жакшы командасы болбосо) ийгиликке жете албайт. Кадр тандоонун эң негизги сыры – бул эл менен кеңешүү, элдин көңүлүнө толгон эр азаматтарды бийликке алып келүү. Эмне үчүн орчундуу кызматтарга кадрларды койгондо элдин талкуусуна койбойбуз? "Кеңешип кескен бармак оорубайт" деген принципти эч убакта унутпаганыбыз оң. Антпесек, азыркы кадрлар асмандан түшкөн жылдыздардай болуп бат эле “өчүп” калып жатпайбы. Эгерде Садыр Нургожоевич кара кылды как жарган, калыс сөзүн бетке айткан инсандардан турган президенттик кеңешти түзсө, максатка ылайык болмок. Мисалы, дүйнөнү дүңгүрөтүп жаткан Путиндин алдында деле президенттик кеңеш бар. Орчундуу жана татаал саясый-экономикалык маселелерди ошол кеңештин мүчөлөрү менен дайыма талкуулап турат. Мындай практика катачылыктын аз болушуна көмөк болот. Элибиздин басымдуу көпчүлүгү Садыр Жапаровдун саясатын колдоодо. Бул “элден алыстаба, берилип иште жана көпчүлүк менен дайыма дидарлашып тур” дегенди түшүндүрөт.  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер