Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турсунбек Акун: “Милиция кызматкерлеринин саясатты түшүнбөстүгүн көрдүк”

Турсунбек Акун: “Милиция кызматкерлеринин саясатты түшүнбөстүгүн көрдүк”

14-март, 11:02
616 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Турсунбек мырза, акыркы мезгилде ким митингге чыкпасын  күч менен таратуу аракети адатка айлана  баштады. Мындай ыкманын  кесепети тийип, эртең өкүнө турган абалга кептелип калбайбызбы?

-- Эгер тынч митинг болуп атып, тынч эмес митингге айланып, Акүйдөн чыккандарга асылып, акылга сыйбаган жоруктар орун алса, милиция курал колдонууга, күч колдонууга аргасыз болгон жагдайга кептелет. Мындай учурда  митингчилерди  кууп таркатуунун  мамлекетке зыяны тийбейт.  Анткени, митингчилер  аша чаап кеткенин уюштуруучулар да түшүнүшөт. Эгерде мыйзам бузбай, тынч митинг өткөрүп аткандарга милиция күч колдонсо, анын кесепети мамлекетке сөзсүз тийет. Себеби, укук коргоо органдарынын аракеттерине ызаланып калгандар өч алуу максатында сөзсүз кайра чыгышат. Аларды кекентип алуунун түбү жакшы болбойт.

-- Милициялар 8-марттагы аялдардын зомбулукка каршы чыккан  акциясын күчкө салып таратып  туура кылыштыбы, же аша чаап кетиштиби?

-- Милициялар 2-мартта Садыр Жапаровго байланыштуу митингде  адистешкен, мыйзамга каршы келбеген аракеттер менен элди таратса,  8-мартта аялдардын зомбулугуна каршы чыккан акцияда жергиликтүү укук коргоо органдары башаламандыкка жол берип, туура эмес аракеттерди жасашты. Тагыраак айтканда, Биринчи Май райондук милициясынын кызматкерлери  бийликти, кыргыз мамлекетинин президентин уятка калтырды. Негизи мыйзам боюнча  митингге чыкканда уруксат алуунун кереги жок. Адамдар билдирүү таштап коюп, чыга беришет. Тилекке каршы, 8-мартта акция уюштургандар  андай билдирүү калтырышкан эмес. Эгер күн мурунтан тийешелүү адамдарга билдирүү таштап коюшканда, балким, 8-марттагы акция башаламандыкка учурамак эмес.

-- Эмне үчүн тартип сакчылары акцияны үзгүлтүккө учуратууну максат кылган беткапчан адамдарга каршы аракет көрүшкөн жок?

-- Укук коргоо органдарынын туура эмес аракетинен улам коомчулукта  провокаторлорду өздөрү алып келгендей пикир калыптанып жатат. Чынында  беткапчан, калпакчан адамдар кирип келип, акциянын катышуучуларынын плакаттарын тыта баштаганда, тартип сакчылары аларды бөлүп алып кетиши керек болчу. Тагыраагы, акциянын катышуучулары  беткапчандар менен кармашып жатканда, аларды эмес, тынч акцияга чыккандарды кармап кеткени туура эмес болуп калды. Бул жерден тартип сакчылары профессионал адис эмес экенин, мамлекеттик саясатты билбестигин көрсөтүп алышты. Менимче, тартип сакчыларына “ушундай кылгыла” деп жогору жактан эч ким тапшырма бербесе керек. Анткени, “мамлекетти кепке калтыра турган конфликт жасагыла” деп жогору жактагылар эч качан айтпайт. Мунун баары  милиция кызматкерлеринин саясатты түшүнбөстүгү болуп калды.

Баштарына ак калпак кийип, беттерине беткап тагынып келген жигиттер аман эле болсун! Алар туура эмес аракеттери менен  кыргыз элин, кыргыз бийлигин уят кылды. Алар кыйын болсо, намыстуу болсо, бетин ачып келишсе болмок. Азыр  укук коргоо органдары алар кайсы уюмдун мүчөлөрү экенин аныктап, ачыкка чыгарып, чара көрүшү керек.  

 -- Эмне үчүн феминалдарды бу сапар кагылышуудан сактап калуу аракети болгон жок? 

-- Феминалдар биринчи жолу сүрөт музейинде көргөзмө уюштуруп, жылаңач аялдар өздөрүнүн денесин демонстрациялап, коомго туура эмес таасир калтырган. Бийлик элди кагыштырбай, сүрөт музейинин жетекчисин кызматтан алып, тийиштүү чараларды көрүп, патриотторду кабыл алып, аны уюштургандар катачылыкка жол  берсе да, эл менен кагылышуудан сактап калган. Маданият министри жаш болсо да аракет кылган. Бул жолу  провокацияга алдырып коюшту.  Аларга жасалган туура эмес мамилени колдон чыгарбай, Американын гезиттери ошол замат жазып чыкты. Алтургай “Сорос” фонду, Американын элчилиги  билдирүү жасоого үлгүрүштү. Мунун баары жөн эле эмес, атайын ойлонулган нерсе экени көрүнүп турат. Ошондой болсо да жергиликтүү укук коргоо органдары  катачылыкка жол бербей, аялдарга тийбеши керек болчу. 

-- Эмне үчүн Кыргызстанда митингдер, каршылык акциялары ызы-чуусу жок жыйынтыкталбай калды?

-- Анткени, элдин арасында каршылашуу күч алды. Тагыраагы, акыркы мезгилде эки тарап бири-бирине кол сала турган абалга чейин жетип калды. Ошон үчүн пикет, митингдер ызы-чуусу жок жыйынтыкталбай келет. Мунун акыры  жакшы болбойт. Өкүнүчтүүсү, пикет, митинг, ар кандай каршылык акциялар  конфликтке, каршылашууга алып келе турган жол болуп калды. Биз элди мындай кырдаалдан алып чыгуу үчүн “Келечекке жол” деген уюм түзүп,   аттуу-баштуу адамдарды чакырып, маселени тирешүү жолу менен эмес,  сүйлөшүү, компромисске келүү жолу менен чечели деп, ийри отуруп, түз кеңешүү максатында диалогго  чакырып жатабыз. Бардык маселени өз ара түшүнүшүп, сабырдуулук  менен чечүүнү максат кылып жатабыз.

-- Айтканыңызга ынаналы, сүйлөшүү жолу менен маселе чечкениңерди колдойлу. Бирок,  ЛГТПлардын маселесин кантип чечесиңер?

-- ЛГТПлар – ачыгын айтканда, оорулуу адамдар. Буларга көңүл буруунун кереги жок. Буларды жарнама кылып, түрдүү акцияларды уюштургандар аларды даңазалап, аларга зыян кылып жатышат. Негизи кыргыздын каада-салты, менталитети андай адамдарды кабыл албайт. Бирок, алар алсыз, оорулуу адам болгондон кийин, аларды эч ким кордобош керек. Алар жөнүндө сөз кылыштын да, укугун коргоштун да зарылчылыгы жок. Алар өз жашоосу менен жашап жатат. Кээ бир өкмөттүк эмес уюмдар укугун коргойбуз деп, кайра алардын укугун тебелеп жатышат. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер