Азамат Жаманкулов менен Нуржигит Кадырбеков да кызматынан кетиши зарыл
“Той болот, тойдун эртеси да болот” дейт. Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинде “Кормилица” аттуу эл аралык көргөзмө өтүп, ал жерге ич кийимдердин илингени, бабалардын салтына жат жазуулар жазылганы, анан дагы дырдай жылаңач айымдардын чыгышы коомчулукту дүрбөлөңгө салды.
Мындай кесепеттен улам музейдин директору Мира Жангарачева арыз жазып, кызматынан кеткени кабарланды. Бирок, бул аздык кылат. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов менен орун басары Нуржигит Кадырбеков да ээлген орундарынан айдалышы керек болчу. Жогорку жетекчилердин мындай ыплас каталыкка жол бергени, билбей калышканы кечиримсиз. Себеби, булар ата-бабанын салтына, улуттун намысына катуу тийишти. Андыктан, коомчулуктун бугун чыгаруу үчүн маданиятыбызга көңүлкош караган береги эки чиновникти да отставкага кетирүү зарыл. А болбосо, бийликтин кадыры кантип көтөрүлмөк эле?..
Aryba.kg