Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Расул Умбеталиев, эксперт: «Энергетика системасы кыйроо абалына келди”

Расул Умбеталиев, эксперт: «Энергетика системасы кыйроо абалына келди”

03-ноябрь, 19:09
434 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Министр Таалайбек Ибраев “быйылкы кыш эң оор болот деди. Бул боюнча кандай ойдосуз?

-- Бул элди даярдоонун ордуна, коркутуу. Министр өзү мойнуна алып жатат да, “суу аз, электр жетишсиз” деп. Бирок 2023-жылы президент энергетикадагы өзгөчө кырдаал тууралуу указга кол койгон. Анда “элди үзгүлтүксүз камсыздоо министрдин жеке жоопкерчилиги” деп жазылган. Бирок көрүп жатабыз, эч нерсе аткарылган жок.

-- Токтогулдагы суунун көлөмү жашырылгандай…

-- Андан эмне пайда? Суу аз болсо, эл бары бир билип калат. “Халва” деп көп айтсаң деле жегендей болбойсуң да...

-- Министр жоопкерчиликтен качып жатабы?

– Ооба, алдын ала актануу. “Мен эскерткем” деп кутулуу аракети. Бирок суроо башкада: эмне үчүн ушундай абалга жеттик, ким күнөөлүү?

-- Импорт менен абал оңолобу?

-- Жок. Коңшулар да кышында өздөрүн араң камсыздайт. Алар бизге ашыгын гана берет. Ошондуктан бул маселе энергетика министрлигинин колунан чыгып, коопсуздук кеңешинин деңгээлине жетти.

-- Жакынкы жылдары өзгөрүү күтсөк болобу?

-- Тилекке каршы, жок. Стратегия да, так план да көрүнбөйт. Кичи ГЭСтер – бул жооткотуу. Маселе терең эле.

Өткөн жылы 3,6 миллиард кВт/саат болсо, быйыл 4,6 миллиард кВт/саат. Бул системанын кыйрашынан кабар берет.

-- Келерки жыл дагы оор болчудай го?..

-- 2026-жылдын апрелинде Токтогулда болгону 7 миллиард куб/метр суу калышы мүмкүн. Министр жооп бериши керек. Президенттин указы аткарылган жок! 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер