Акыркы кабарлар
» Коом » Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Чек араны чечүүдө эки тараптын тең кызыкчылыктары эске алынды”
Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Чек араны чечүүдө эки тараптын тең кызыкчылыктары эске алынды”
30-март, 12:18

-- Кыргыз-тажик чек арасы элибиздин пайдасына чечилдиби?
-- Чек ара бир тараптуу эч качан чечилбейт, ал үчүн согушуп, утуп, барып басып алганда гана чечилет. Ал эми сүйлөшүү жолунда сөзсүз эки тараптын кызыкчылыгы эске алынат. Бизде эки мамлекеттин кызыкчылыгы теңме-тең эске алынды деп айтсак болот. Бир дагы жер бизге минус болуп кеткен жок, алмашкан жерлер гектарлап караганда тең чыктык. Эми экономикалык жактан эки мамлекет тең өнүгүп-өсүп кетиши керек.
"Азия Ньюс" гезити