Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурлан Сулайманов коомчулукту чуулдатпай, өткөн иштерине чекит койбойбу?

Нурлан Сулайманов коомчулукту чуулдатпай, өткөн иштерине чекит койбойбу?

20-январь, 18:22
1 119 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жыйын кылып аткан сүрөтү тарады. Сол жагында жүзү жашырылган Нурлан Сулайманов отурат. Бул боюнча сын-пикирлер жаап, коомчулукта талкуу жаралды. “Мурда кылмыш иши козголгон, издөөгө алынган адам кайдан пайда болду?” деп жазып чыгышты. Соцтармакта төө бастыга алынды...

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы “Нурлан Сулайманов коомдук башталгычтагы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси” деп маалымат таратты. Бирок мындай жымсалдоо огобетер ырбатып, ыңгайсыздыкты жаратты. Себеби, коомдук башталгычтагы кеңешчи жыйындын төрүндө отурбайт да. Түшүнүктүү. Кызык, эмнеге тамтаңдап жатышат? Жашырып-жаппай, шек жаратпай эле ачык кызматташа беришпейби? Бир убакта Нурлан Сулаймановго кылмыш иши козголсо, кийин эмне болду? Акталдыбы, же соттолдубу? Акылына, тажрыйбасына муктаждык жаралса, ачык эле айткыла да, туурабыА биздин билишибизче, Акылбек Жапаров экөө илгертен мамилеси жакын “чөйчөктөш” достордон. “Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт” дегендей...

Эске салсак, Нурлан Сулаймановдун баласы Элдар Сулайманов өткөн парламенттик шайлоодо “Ата Журт Кыргызстан” партиясынын тизмесине кирип, жетиштүү добуш алып, депутат болду. “Соодагер баркы менен бөз өтөт, ата баркы менен кыз өтөт” дегендей, учук улаган уулу да саясатка аралашты. Таасирдүү үй-бүлө экенине көзүңөр жеттиби?..

Кыскасы, Нурлан Сулайманов кызык киши экен. Кеңеш берели. Коомчулукту чуулдатпай, өткөн чактагы иштери боюнча ачык айтып, чекит коюп салбайбы. “Эр жигиттин башына нелер келип, не кетпейт?” дейт. Мамлекеттен “алганы” болсо кайтарсын, же “каралоого кабылгам” десин. Анан эмне? Андан аркысын шашпай көрөбүз да... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер