Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Негрдин колун кармап сен, нервиме гана тийдиң го...

Негрдин колун кармап сен, нервиме гана тийдиң го...

13-февраль, 19:19
931 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Эссе ордуна)

“Азия Ньюс” гезитине чыккан маегиңди окуп, жакшы эле баалагам. “Чимкириктер” ордосу болгон Жогорку Кеңештин басма сөз кызматында Индира Куралбековадай билимдүү, сергек, жандүйнөсү бай кыз бар экенине маашырланып...

Көп өтпөй Индиранын Инстаграм баракчасын көрүп калып, жарыялаган жаңылыктарынан кабар ала баштадым. Аңгыча эле береги сүрөтү чыкты. Жакшынакай жандын капкара болгон негрдин колун кармап турганын көрүп, кызыктай абалга кабылдым. Эки жакты элейе карап. Кыргызча ойлонгон башыман: “Негрдин колун кармап сен, нервиме гана тийдиң го...” деген саптар ыргыды... Негизи БУУ, ЮНИСЕФ, Нью-Йорк деңгээлиндеги иш-чара, форумдарга аң-сезимди ала качтырбай эле дүңүнөн ойлонуп, бүтүм чыгарып коебуз да. Туурабы-туура эмеспи, өзүбүздүн пикирден кайтпай, каккан казыктай тирелип, көгөрө тура бермейди кара? “Негр болгондон кийин иштин бүткөнү” депчи. А балакеттики, эмнелерди ойлонуп баратам?..

Кээде биз аңдабай калгандай, тирүүлүктүн жазмышы ушундай тура. Жүрөктө кыпындай арзуу, жылуулук орун алса ошол өнүп-өсүп, эгер андай сезимди байытсаң ого бетер оргуштап, бир дайрага айланып агылса... Көрсө, Индиранын жагымдуулугу жипсиз байлап аста, анын жанындагы көөлөнгөндөй негр жакшы көрүнмөк беле? “Жылт” эткен учкунду караңгы жерден көргөндөй, ал табылгаңды эч ким менен бөлүшпөй энчилеп алгандай болуп, шалпайып көчөдө баратсаң да төбөң көккө жетип, бийик учкан куштар менен кыялың жарышкандай камчыланып... Эңсөө... Карасаң, жөн-жай жашоодо үмүт кургурдун тутанып, бирок алоолоп күйүп кеталбай турганын... 

“Кул жеймин дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту” дечү эле. Ойлогон ойлордун орошону алдыда болсо керек. Буйруктуу “куйрук” болсо кайда качмак эле?.. Ушундай. Өзүмө дем берип отурам...

Кабылбек 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер