Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эки айдын ичинде Бишкек ШИИБнин беш кызматкери камалды. Токтоналиевден “толк” чыкпайт экен!

Эки айдын ичинде Бишкек ШИИБнин беш кызматкери камалды. Токтоналиевден “толк” чыкпайт экен!

13-ноябрь, 19:30
1 431 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушундай. Бишкек ШИИБ начальнигине Азамат Токтоналиев дайындалганына эки айдан ашты. Бул аралыкта беш кызматкери пара алууга айыпталып, УКМК тарабынан кармалды. Кандай баа бериш керек? “Мактаган кыз тойдо осурат” дегендей, Токтоналиевди тоо томкорчудай алып келишти эле, мунусун өздүк курамы тоготпой, билгенин жасоо менен ыраатсыздык өкүм сүрүүдө. Эгерде коллективге үлгү, ишбилги, профессионал кадр болгондо, жетекчи катары сыйга татып, ага карай баары түздөнүшмөк. Тилекке каршы, томполоңдоп бирөө жүрсө, натыйжада, чаржайыттык жаралып, чекесинен УКМКга жем болуп атышат да. Айтмакчы, Азамат Ногойбаев Бишкек ШИИБни жетектеп турганда, үч кызматкери камалганда кызматтан кеткен. А азыр эки айдын ичинде бешөө кармалууда. Салыштыруу менен жыйынтык чыгарыш керек да...

А баса, Бишкек ШИИБнин орун басарлары ойноп отурушабы? Иштешеби, же жоопкерчиликти бири-бирине шылтап, жүрө беришеби?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер