Акыркы кабарлар
» Коом » Шаарда Азамат Токтоналиевди “Хасбик” дешсе, Улан Бердибаев “Профессор” атка конуптур
Шаарда Азамат Токтоналиевди “Хасбик” дешсе, Улан Бердибаев “Профессор” атка конуптур
01-апрель, 22:59
694 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Токтоналиевге өздүк курамдагылар “Хасбик” деген каймана ат ыроолошуптур. Россиялык белгилүү блогерди билесиңер да. Ошонун ысымына окшоштурушуп, тамаша салган кербездериби? Чыныгы Хасбик карлик болгону менен биздин начальниктен алда канча абройлуу, ачуусу да чукул. Белгилүү инсан да... О.э. Бишкек ШИИБнин кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы Улан Бердибаевди коллегалары “Профессор” деп аташат экен. Бул дагы лакап атка айланууда. Кыйратып кылмыш ачпай эле ой жүгүртүп, акылдуудай түр жаратып жүрсө, анан өз баасын алган чагыбы? Кыскасы, каймана ысымыңар кут болсун!
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити