Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Асел Кубанычбекова: “Айымдар үй кожойке эле эмес, иште, коомдо да ийгиликтерин көргөзө алышат”

Асел Кубанычбекова: “Айымдар үй кожойке эле эмес, иште, коомдо да ийгиликтерин көргөзө алышат”

18-апрель, 23:03
569 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акыркы убактагы Айзада Канатбекованын өлүмү төбө чачты тик тургузган өтө кайгылуу окуя болду. Андан өкүнүчтүүсү, бул кайгылуу окуядан да сабак албай, ала качуулардын кайталангандыгы, зордук-зомбулуктун азайбаганы кейитет...

-- Албетте, акыркы болуп жаткан окуялар биздин коомдун аял кишилерге болгон мамилесин ачык көргөзүп жатат. Эң биринчиден, ар бир адамдын коопсуздугу. Көптөн бери “өзгөрүүлөрдү жасашыбыз керек” деп айтып келебиз. Бирок, жоопкерчиликке алынбай жатат. Мамлекет тарабынан ар бир адамдын, ар бир айымдын коопсуздугу камсыздалышы шарт. Мыйзамдуу чоң жоопкерчилик болсо, ала качуулар да азаймак. 

Экинчиден, биздин коомдун аял кишиге болгон мамилеси даана көрүндү. Негизи эле коом менен иш жүргүзүп, аялдарга адамдай мамиле кылууну, аял кишинин иштешине, окушуна, үй-бүлө тандоосуна укугу жана мүмкүнчүлүктөрү болуш керек деген түшүнүккө үндөшүбүз шарт. Андан сырткары, соцтармактарда, массалык маалымат каражаттарында туура маалымат берип, адамдардын ой жүгүртүүсүн, ар бир адамдын жашоосун баалай билүү, айымдардын жашоосуна тең мүмкүнчүлүк түзүп берүү боюнча маалыматтарды туура бөлүшүшүбүз керек. 

Үчүнчүдөн, билим абдан маанилүү нерсе. Балдарга болобу, кыздаргабы, сапаттуу билим беришибиз шарт. Академиялык эле билим эмес коомдо өзүн алып жүрүү маданияты боюнча да иштерди жүргүзүү зарыл. Башкача айтканда, коомдо айымдардын ролун жашоодогу мүмкүнчүлүктөрү боюнча да маалыматтарды бөлүшүп, үй кожойке эле эмес, иште да, коомдо да ийгиликтерин көргөзө алат  деген ишенимди далилдөө – заман талабы.  

-- Айрыкча бойго жеткен кыздар мыйзам иштебегенине жандары кейишип, коопсуз өлкөдө жашагылары келгенин айтышат...

-- Көптөгөн кыз-келиндер “караңгыда сыртта жалгыз баскандан коркобуз. Ар бирибизге коркунуч бар” дешет. Коркунуч сезимдин болуусу эле терс көрүнүш. 

Канчалаган айымдарга зомбулук болуп келет. Ар бир экинчи айым зордук-зомбулукка туш болот деп статистикада көрсөтүлүп келет. Бул биздин кыз-келиндердин жашоосун баалуулук катары карабагандык. “Урса, өлтүрүп салса боло берет” деген маанайда жашашат. Бул жакшы жышаан эмес. Жасала турган  көп иштерге муктажбыз.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер