Эрулан Көкүлов, ЖК депутаты: “Электрондук сигареттерди өлкөбүздүн аймагына такыр киргизбейбиз”


-- Эрулан мырза, бүгүн электрондук сигареттер боюнча күйүп-бышып айттыңыз. Бул маселе канчалык актуалдуу?
-- Бул көйгөй бир жарым жылдан бери коюлуп келатат. Эки-үч депутат мыйзам долбоорун жазышты. Мен эле үчүнчү жолу көтөрүшүм.
-- Эмне тоскоол болуп жатат чечкенге?
-- Мага дагы аябай кызык болуп атат бул нерсе. Бизнесмендердин кызыкчылыгы го... Эми жол-жобосун билип калдык, буюрса чечебиз. Жакында биздин “Ынтымак” фракциясы тийешелүү мыйзам долбоорун демилгелейт.
-- Сиздин айтымыңызда, Бишкектин өзүндө эле электрондук сигареттерди сатуучу 153 (!) түйүн бар экен. Алардын баары жабылабы?
-- Жок. Импортко тыюу салып, электрондук сигареттерди өлкөбүздүн аймагына такыр киргизбей коюш керек. Мындай практика дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө бар. Ал өлкөлөргө электрондук сигаретти өзүң пайдаланыш үчүн алып кирсең да 400-500 доллар айып салышат. Биз да ушундай кадамдарга барууга тийишпиз.
-- Ал эми энергетикалык ичимдиктерчи?
-- Азыр электрондук сигареттер маселесин чечип алалы, анан ага да сөзсүз киришебиз.
"Азия Ньюс" гезити











