Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коррупция менен мафия “гүлдөдү”. Кыргызстан коммунисттик системага өтүүсү зарыл

Коррупция менен мафия “гүлдөдү”. Кыргызстан коммунисттик системага өтүүсү зарыл

26-апрель, 20:54
909 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Эгемендикке жеттик!» деп калпагын көккө ыргыткан кыргыз эли чет элдик капиталисттердин жана ички душмандардын жетегинде болуп калышкан. Шайтан азгырган кыргыз элинин ички душмандары чоң шайтанга баш ийишип, аны Кудайындай көрүп алышкан. Чоң шайтандын өзү болсо, илим-билимди кабыл албаган карамүртөз адам болгондуктан, түшүнүгү тар, караңгы бойдон кала берген. Аны окутуп-чокуткан күндө да өзүнө жаккан иши менен алек болуп, окуу процессине көңүл да бурган эмес. Советтик системага жана Коммунисттик партияга болгон жек көрүүсүн өзүнө окшогон түшүнүгү тар чала сабат адамдар аркылуу ишке ашырып, өзү болсо көрмөксөн-билмексен болуп жүрө берген “серый кардиналга” айланган. Анын айланасындагы “эл душмандары” саясый мафияга айланышып, адегенде Кыргызстан Компартиясынын биринчи секретары Т.Усубалиевди, андан кийин кыргыз элинин таза инсаны А.Масалиевди кетиришти. Бир кишилик палаткасын Акүйдүн алдына тигип жатып алган “демократ” “кетсин!” деген талабын коюп ачкачылык кармаганда, анын артында Т.Усубалиевди иштен алдырткан “эл душманы” турганын айттырбай түшүнгөн А.Масалиев унчукпай кетип калган. Саясый мафиянын максаты – “эл душманы” даярдап жүргөн “чөнтөк президенти” А.Акаевге жол ачуу болгондуктан, анысы булуттан чыккан айга окшоп күлүп-жайнап чыга келди. Чет элдик капиталисттердин стратегиялык планын ишке ашырган “эл душмандары” кыргыз мамлекетин толугу менен талкалап беришип, атак-даңкка, бийлик-байлыкка жана миллиондогон акчаларга ээ болушту. Жыйынтыгында, таланып-тонолуп, уурдалып бүткөн Кыргызстанда биринчи, экинчи, үчүнчү элдик революциялар болуп өттү, бирок капиталисттер орноткон коррупциялык система эч өзгөрүүсүз кала берди. Болгону, капиталисттер түзүп беришкен коррупциялык Конституцияны “покраска-побелка” кылып косметикалап коюшту. Бул Конституцияны алып келген Р.Отунбаева менен Ө.Текебаев марксизм-ленинизмди, илимий коммунизм менен саясый экономияны беш колундай билген түшүнүктүү адамдар болгондо, капиталисттердин эмес Россиянын же Кытайдын Конституциясын алып келишип, Кыргызстанды кыйроодон сактап калышмак. 

Бүгүнкү Конституциядагы 200-300 жеке менчик партиялар кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүнө доо кетирип, коррупция менен мафиянын “гүлдөшүнө” алып келет. Капиталисттер кыргыз элин жеке менчик партияларга бөлүп чачыратып коюшса, андан сырткары көп сандаган кландарга, урууларга, толгон-токой диний уюмдарга бөлүнгөн кыргыздар андан бетер чачырап кетишкен. Өзүн-өзү билип, өтүгүн төрүнө илгендер президент эмес Кудайга да баш ийбей калышты. Буларды президентке баш ийдирип, өнүгүү жолуна салыш үчүн баарын шагыратып айдап келип, бир гана Коммунисттик партияга бириктирүүгө туура келет. Ошондо гана “өзүн-өзү жок кылуу системасын” токтотуп, Россия менен Кытай өлкөсүндөй өнүгүү жолуна түшкөн болобуз. Бир жарым миллиард калкы бар Кытай өлкөсү Коммунисттик партиясы менен өнүгүп жатышса, болгону 6 миллион кыргыз эли койдой болуп чачырап калганы акылга сыйбаган жорук. Географиялык ордубуз Россия менен Кытайдын ортосунда болсо, бирок жердин аркы бетиндеги АКШнын алдамчы саясатына азгырылып, мамлекетибизди талкалап, элибизди чачыратып, өзүбүздү-өзүбүз алдай берсек, анда кыргызга чала болот. Бүгүнкү Кыргызстанды  В.Путин же Си Цзиньпин келип башкарган күндө да, бийликке жутунган партиялар бириге калышып, бир күндүн ичинде айдап чыга алат. Анткени АКШ баш болгон капиталисттер бир бомбага короткон акчасын кыргыздарга чачып коюшса, айтканын айткандай, дегенин дегендей кылышып, бомба-сомбасы жок эле өздөрү талкалап беришет. 

Бүгүнкү күндө 30 жылдан бери талкаланып келаткан Кыргызстан заты жоголуп, аты эле калды. Кыргызстанды калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатышкан президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин аракети аздык кылат. Бул жерде жалпы кыргыз элинин жардамы керек. Жогоруда айтылгандай, бир гана Коммунисттик партияга бириккен кыргыз эли тазалануу процессин өздөрү жүргүзө алат. Коммунисттик масканы бетине кармай калган шылуундарды кыргыз эли баары бир билип коюшат. Мындай элдик көзөмөлдөн эч ким качып кутула албагандыктан, айласыздан элдин талабына баш ийүүгө туура келет. Кыргыз бийлигине акчалуулар эмес элдин элегинен өткөн татыктуу, таза адамдар келгенде, өнүгүү жолуна түшөбүз. Капиталисттер орноткон “өзүн-өзү жок кылуу системасын” токтотуш үчүн бийликке жутунган жеке менчик партиялардын баарын жоюш керек. Кыргызстанга президенттин программасын жана кыргыз элинин талабын так аткарган коммунисттик система керек. Кыргыз элинин улуттук идеологиясына – менталитетине толугу менен дал келген коммунисттик система кыргыздын курултай системасынын бир түрү экенин президент баш болгон кыргыз эли түшүнүшү керек. Бул системанын мыктылыгын түшүнгөн орустар менен кытайлар өнүгүп жатышса, тескери кеткен кыргыздар 30 жылдан бери адашып жүрүп талаада калдык. Жеке менчик партияларды түзүп алып, коррупция менен мафияны “гүлдөтүп” отурсак, бизге Кудай да жардам бере албайт. 

Анүстүнө “лөлүдөн баатыр чыкса эң биринчи өз айылын чабат” болгон “эл душмандарын” улуттук баатырга теңеп, аларга кошомат айтып жан баккан “дүжүр” чалдар көбөйдү. Кыргыз мамлекетине, кыргыз элине кыянаттыкты көп жасагандар жогорку деңгээлде жашап, оорчулуктун баары карапайым кыргыз элине жүктөлгөнүн токтотуш үчүн жалпы элдин бийлиги болгон коммунисттик системага кайтып келишибиз керек. Бул ишке бүгүнкү бийликтин түшүнүгү жетпесе, анда 4-элдик революцияга жол ачылышы мүмкүнбү? Кыргыз мамлекетин жоготуп алуу коркунучу турганда, кыргыз эли жайбаракат жүрө албасы белгилүү го?..


Зарлык Дыйканбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер