Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Орой мыйзамсыздыктын запкысында калдым”

“Орой мыйзамсыздыктын запкысында калдым”

18-ноябрь, 17:27
1 853 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌


Аргасыздан ачык кат


Мен билим берүү тармагында 42 жыл эмгектендим. Ушул мезгилдерде өзүмө берилген милдеттерди так жана убагында аткарууга белсенип, болгон күч аракетимди, билимимди жумшап келдим. Бирок, менин билим берүүгө арналган зор эмгегим, көп жылдык тажрыйбам уюшулган топтун жана билим берүү министрлигинин кызмат адамдары аркылуу бир заматта жокко чыгарылып, чийилип ташталды.

2018-жылдын 22-майында мага козголгон кылмыш ишинин негизинде мен убактылуу Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгынан четтетилгем. Ошол мезгилден тарта өз актыгымды далилдеш үчүн тергөө органдарында суракта жүрүп, аягында 2020-жылдын 19-августунда Ысык-Көл облусттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин тергөө бөлүмү тарабынан менин аракеттеримде “кылмыштын курамы жок” деген чечим менен иш кыскартылып, кызматтан четтеткен билим берүү министрлигинин буйругу жокко чыгарылып, “мурунку ээлеген кызмат ордуна кайрадан дайындалсын” деген токтом чыккан.

Бирок, билим берүү министрлиги  маанилүү тергөө органынын чечимине атайылап шек келтирип, ишенбестик жаратып, мени бир айла кылып кайрадан кызмат ордума келтирбестин аракетин кылышып, башкы прокуратурага токтомдун аныктыгын текшертүү үчүн кат менен кайрылышкан. Ошентип, эки ай созуп, башпрокурордун жазма эскертүүсүнөн кийин 2020-жылдын 20-октябрында мени кайрадан кызмат ордума дайындашкан. (Буйрук №118/4 20.10.2020-ж.).

2018-жылы мага жалган жалааларды жаап, иш козготушкан мектептин директорлору: Ж.Сулайманов (Бостери), Г.Сыдыкова (Булан-Сөгөттү), М.Атаева (Бактуу-Долоноту) мектептеринин, райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси З.Сулайманова жана ошондой эле мага чейин бөлүмдүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу С.А.Матанова  мени кайрадан кызматка келтирбөө максатында 2020-жылдын 2-ноябрында райондук мамлекеттик администрациясынын алдында митинг-акцияга чыгышкан. Ал жерде митинг жогоруда аты аталган мектеп жетекчилеринин айылдаштары, тууган-туушкандарынын катышуусу менен уюштурулса да, бул директорлордун маалыматы боюнча “акцияга 150дөй мугалим катышты” дешип жалган билдирүү таратышкан.

2020-жылдын 3-ноябрында мени министрликке чакырышып, “арызыңызды жазыңыз” деп  Ж.Ташиев менен Н.Жусупбекова кысымга алышып, мажбурлашкан. Жашымдын келип калганына байланыштуу, “бир аз мөөнөт бериңиздер” деп суранганыма да болушкан эмес. Болгону акциянын тактыгын текшерип берүү үчүн комиссия түзүүнү сурандым. Эч макул болушкан жок, себеби, мага каршы уюшулган аракеттер текке кетмек. Айлам кеткенде, “үстүбүздөгү жылдын 15-декабрынан кийин бошоткула” деген арызымды жазып берүүгө туура келди. Бирок, бул арызды мени кыйнап, кыстап жаздырышканын эске сала кетем.

2020-жылдын 4-ноябрында жогоруда аты аталган Ж.Сулайманов, З.Сулайманова, Г.Сыдыкова, М.Атаева баш болгон он чакты билим берүүгө тийешеси жок адамдар кабинетти зордук менен басып алуууга аракет жасашып, “арызыңды жаз, болбосо сүйрөп чыгабыз!” деп опузалашкан. Ушундай басмырлоо, запкынын аркасы менен бейтапканага кайрылууга туура келди жана 4-ноябрдан тарта эмгекке убактылуу жараксыз баракчасы ачылып,  үйдө дарыланып жаткан учурда билим берүү министрлиги 5-ноябрда №128/4 буйругу менен мени мыйзамсыз кызматтан бошотушту.

Акырында сурарым: Ысык-Көл районунун администрация башчысынын билдирүүсү, Чолпон-Ата шаарындагы 2020-жылдын 2-ноябрында өткөн митинг-акциясынын катышуучуларынын резолюциясы, билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 4-ноябрындагы тартип комиссиясынын №15 протоколу деген шылтоо мени кызматтан бошотууга негиз боло алабы? Муну мен билим берүү министрлигинин кызматкерлеринин мыйзамды тааныбагандыгы деп эсептейм!

КР президентинин милдетин аткарып жүргөн Садыр Нургожоевич Жапаров жакында КМШ мамлекеттеринин башчыларынын саммитинде: “Я могу заявить, что Кыргызстан вернулся в правовое поле” деп кепилдик берген. Бирок, мамлекеттин башчысы берген кепилдик менен министрликтин статс-катчысы Ж.А.Ташиевдин жана министрдин орун басары Н.С.Жусупбекованын иши жок экендигин көрүп турабыз. С.Н.Жапаровдун журналисттерге берген пресс-конференциясында “өз кызмат милдеттерин тың билген, ишин жакшы алып барган жетекчилерди опузалап, эмгек жамааты каалайбы-каалабайбы, кызматынан кетирүүнү токтоткула!” деген билдирүүсү өз убагында айтылгандыгын баса белгилегим келет.

Митинг-акциянын башында “идеялык” жетекчиси болуп республикага белгилүү Замира Мамбетова турган. Райондун билим берүү системасына эч кандай тийешеси жок адам менин кабинетиме кирип опузалашка эч кандай укугу жок! Ал жөнүндө төмөндөгүдөй фактыларды келтиремин:

1. З.Мамбетова Талас облусунун №6 кесиптик лицейинде директордун орун басары болуп турганда КР УПК-нын 311,1-б жана 305,1-б беренелеринин негизинде (пара алып жатканда кармалган). Натыйжасында ЭК 83,8-беренесинин негизинде кызматынан бошотулган.

2. 2015-жылдын 29-апрелинде “Кыргызстан аялдары” коомдук бирикмесинин чечими менен З.Мамбетова алдамчылыгы үчүн жетекчилик кызматынан бошотулган. Бул аял ушул күнгө чейин коомдук бирикменин атайын бланкасын колдонуп, өзүн жалган “жетекчи” катары көргөзүп келет. Жогоруда З.Мамбетова жөнүндө келтирилген фактылар бул адамдын эч кандай уят-сыйыт менен эсептешпеген  абийирсиздиги, алдамчы-жалганчылыгы (мошенник- аферист), билим берүү системасынын чыр-чатак чыгып жаткан чордонунда болуп, жалган жалаалар менен каралоо бул аялдын көнгөн адатына айланган. Мени кыйнап арыз жазууга мажбурлоо учурунда статс-катчынын кабинетинде Н.С.Жусупбекова менен катар эле З.К.Мамбетова да болгон. Мамлекеттик жогорку саясый кызматта турган адамдар ушул жалганчы аял менен сырдашып, макулдашып калганы терең өкүндүрөт. Мына министрликтин накта жүзү!

Эки жарым жыл суракта жүрүп акталып, жаңыдан кызматка келгенден кийин мыйзамсыз кызматтан бошотуу менин моралдык беделимди тебелеп-тепсеп, конституциялык укугума шек келтириши – бул барып турган билимсиздик жана мыйзамды одоно бузгандык деп эсептейм!

Элдин толкуну менен келген жаңы бийлик билим берүү тармагына өмүрүн арнаган мага карата адилеттикти орнотот деп терең ишенемин!

Албетте, министрликтин мыйзамсыз буйругун жокко чыгаруу үчүн жана кылмыштуу аракеттерди жасаган жетекчилерин жоопко тартыш үчүн башкы прокуратурага жана сотко да кайрыламын.


Дамира Эсеналиевна АБИРОВА,

2020-жылдын 16-ноябры

Дареги: Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын 3-кичирайону, 28-үй, 6-кв. Тел.: 0556-30-99-96
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер