Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Хасбикке” чейин Азамат Токтоналиевди эмне үчүн “Троя” дешкен?

“Хасбикке” чейин Азамат Токтоналиевди эмне үчүн “Троя” дешкен?

07-июль, 18:00
729 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Токтоналиевдин мурдагы каймана аты “Троя” экен. Азыркы заманбап ысымы – “Хасбик”. Жашоого өзгөчө жаралган адамдар ар кандай ысымдарды убагына жараша жамына калып жүрө беришет тура. Эмесе, мурдагы лакап атын чечмелеп берели.

Азамат Токтоналиев көп жыл мурда “Троя” киносун көрүп, аябай маашырланып, бирок бир нерсеге түшүнбөй калыптыр. Бул кинодо Ахиллес, Гектор аттуу башкы каармандар, колбашчылар бар эмеспи. Кызык жери, Азамат башын тырмап: “Троя” деп кино аталып атса, а үчүнчү баатыр каякта?” деп алаңдаса, жанындагы досу да куудул окшойт. “Ал сенсиң да” деп шакаба кылып, боору эзилгенче күлгөнүн айтышты.  

Ошентип, жоро-жолдоштор арасында Азамат Токтоналиев “Троя” аталып кетет. Тамаша-чыны аралаш. Эми убакыт өттү, кичине деңгээли деле өскөндүр, ал кинону кайра көрсө кандай? Эми маанисин түшүнсө керек. Чоңойду да...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер