Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Уурдап жыйган байлыктарды башка “крокодилдерге” берүүдөн кача башташты”

“Уурдап жыйган байлыктарды башка “крокодилдерге” берүүдөн кача башташты”

05-март, 20:27
1 235 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Соңку убакта өлкөдөн качкан бизнеске кандайча баа беребиз? Бул көрүнүш улана береби?

Жыпаргүл Баргибаева, “Ала-Тоо айымдары” экологиялык кыймылынын төрайымы:

-- Мен чет өлкөгө бизнесин чыгарган ишкерлерди өсүү жолунда бараткандар катары түшүнөм. Өнүккөн өлкөлөрдө деле бизнесмендер өз өлкөсүнөн чыгып, башка өлкөлөрдө бизнесин өнүктүрүшөт. Маселен, Дубайда дүйнөнүн төрт тарабынан келгендер түрдүү бизнестерди ачып жатышат. Алар кафе, ресторан, сулуулук салондорунсоода борборлорун, же болбосо чоң үй куруп, же башка ишканаларды ачышууда. Биздин өлкөгө да ошондой эле бизнесмендер келип, иштеп жатышат. Ошон үчүн алардан чочулабай деле койсок болот. Кыргызстанда деле атамекендик өндүрүш өнүгүп, тигүү цехтери көбөйүп, түрдүү кийимдерди тигип, башка мамлекеттерге сатууну жолго коюшту. Ошондой эле дүйнөдөгү бренд товарлар Кыргызстанда дагы өз кардарларын табууда.

Калдарбек Койлубайтегин, серепчи:

-- Бул деген жанагы көмүскө экономиканын кучагында жыргап жашап келишкен мителердин жандалбасы. Легалдашууга анчейин ишенишпейт, уурдап жыйган байлыгымды жөн эле башка “крокодилдерге” бералбайм дегенсип, ар кандай жолдор менен сыртка куржундап ташып жатышат. Күнү-түнү... Анткени, дале сыртка чыгарып кетүүнүн амалкөй жолдору толтура окшойт. Тагыраагы, ошол тешик жолдордо өздөрүндөй эле супермителер отурушат. Бармак басты, көз кысты катуу иштеп жатышат. Эгерде бул жердеги ишинин кадыры жан болуп, колуна карга чычса мейли, маадемектен марстан барып мүлк алсын, бизнесин сатурнга чыгарып кетсин. Чар тарабың кыбыла! Бирок, уурдалган арам каражатын адалдоонун легалдаштыруу жараянына ишеним жок болгондуктан, айласыз тигинтип четтен адалдаштырууга өтүштү да.

 Чынын айтсак, биринчи кезекте баймын деген мителердин ишенимине кирүү үчүн бийлик дагы көп баскычтардан өтүшү керек. Жөн эле Ормон опузадан мандем чыкпагандай. Ошон үчүн кокуй менен кой бакпай, алакушту атынан атап, баардык кызматтардагы митекарга жана башка кожонун намазын окушкан жегичтерди чыпкадан шашылбай өткөрүп тазалоо, киргилт сууну тундуруу жараяны жаңы баскычка чыгып жаткандай... Жумушка алганда башкы орунга тил маселесин коюп, артындагы калбырына тыкыр көз салуу менен сынактан өткөрсө болот. Жүгөн үзмө кадрлардын байма-бай агып келишинин себептерин издеп, чара көрүп, шыпаа издөө керек. Анткени, кандайынан алба, маселенин баарын кадрлар гана чече алат. Бул айныгыс чындык. Албетте, капитализмдин короосуна кирип алган соң, мына ошол бейтааныш эрежелер менен жашоо оңойго турбагандыгын артыбыздагы 30 жылдан ашуун убакыт көрсөтүп деле койду. Элдик талкуу, альтернатива, адам укугу жана башка атрибуттар канчалык мыкты саналбасын, эң оболу кыргыздын өзүнүн жолунан тайдырбоо керек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер