Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сейид Атамбаев Сооронбай Жээнбеков тууралуу үн катты

Сейид Атамбаев Сооронбай Жээнбеков тууралуу үн катты

10-июнь, 19:22
623 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Абактагы саясатчы Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев алдыдагы парламенттик шайлоого катыша тургандыгын билдирди. Бул тууралуу ал теле алпаруучу Назира Айтбекова менен болгон маегинде айтты.

“Мен илгери эле КСДПда аралашып жүргөм. Бир кызматты аркалабасак дагы, арасында кара жумуштарды аткарып жүрдүк. Чынын айтканда, саясат бизди алып келип жатат, биз саясатка барган жокпуз. Атам бийликте отурганда саясатка аралашпай, өзүбүздүн эле ишибизди кылып жүрдүк. Эми гана эл бизди таанып жатат. Буга чейин таанычу эмес. Учурда Фейсбук баракчабызда элдер жылуу сөздөрүн айтып, колдоп турушат. Ал сөздөр бизге дем берүүдө” деди Сеид Атамбаев. Ошондой эле шайлоого КСДП менен барууга ниеттенип жатканын айтты.

“Албетте, КСДП менен шайлоого баралы деп жатабыз. Эгерде бийлик бизге КСДПны кайтарып бербесе, башка платформа менен барабыз” деп билдирди ал.

Мындан тышкары, Сеид Атамбаев президент Сооронбай Жээнбеков менен мамилеси кандай экенин айтып өттү. 

“Илгери үйгө келип турчу. Жубайы дагы белектерин көтөрүп алып келчү. Атам президенттин жакшы тарабын гана айтчу” деп кошумчалады.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер