Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 781 миллион сомду Абдыкадыров, Жунушалиев жана Кудайбергенов баш болуп жешкенби?

781 миллион сомду Абдыкадыров, Жунушалиев жана Кудайбергенов баш болуп жешкенби?

21-март, 19:25
865 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирген факт аныкталды. Бул Бишкек шаардык мэриясында болгонун 13-мартта башкы прокуратура билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, мэриянын, шаардык кеңештин жана каржы министрлигинин шаардык башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары 2021-2022-жылдар аралыгында жалпысынан 781 миллион сомдон ашуун акчаны ай сайын маянага кошумча катары төлөөгө жол ачып беришкен. Факт боюнча шаардык прокуратурада Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” жана “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” деген эки беренесинин негизинде иш козголуп, тергөө жүрүп жатат. 

Мына кызык! 2022-жылдын февраль айында Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарына мэр болсо, ага чейин Айбек Жунушалиев бул орунда отурган. Андан мурда Бакыт Кудайбергенов да шаар жетекчилигин аркалап кеткен эле. Эң оболу ушул үчөөнөн сураш керек. Ири коррупциялык кылмыш иштерин кылып коюшуп, жогорку кызматтарда отура беришеби? Башкы прокуратура былыктарын ачыктап койду. Эл эмне дейт? Коомчулук булардын кандай жаза аларын күтүп жатышат. Карапайым калк тишинин кирин соруп, эптеп жан багып жатышса, алардын ырыскысын жеген Эмилбек Абдыкадыров, Айбек Жунушалиев жана Бакыт Кудайбергенов – үчөө тең жогорку кызматтарда отурушат. Мындан ары окуя кандай өңүтүнөн өнүгөт болду экен? “Жең ичинен” басып коюшса чатак го... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер