Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акбөкөн Таштанбеков: “Саанчы, чабан, ширетүүчүлөр депутат болгондо сонун эле жашабадык беле?”

Акбөкөн Таштанбеков: “Саанчы, чабан, ширетүүчүлөр депутат болгондо сонун эле жашабадык беле?”

02-май, 09:00
331 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акбөкөн Дүкенович, кесиптешиңиз Адахан Мадумов регламентке өзгөртүү киргизип, жумасына төрт күн кеңешме өткөрүүнү, түштөн кийин комитеттерде иштөөнү сунуштады эле. Бирок, ал сунуш колдоо тапкан жок. Кандай дейсиз, Жогорку Кеңеш ошондой тартипте иштегени туура болобу?

-- Негизи биз мурда ошентип эле иштегенбиз. Ошол эле оң го деп ойлоп атам. Бүгүн деле дээрлик ошондой эле. Биз эки күн кечки саат алтыга чейин иштеп жатпайбызбы. Бир жумада бир жолу же фракциянын, же комитеттин жыйыны болот. Баары бир комитетке барышың керек. Комитеттин мүчөсү болбосоң да көп мыйзамдарды талкуулоого катышып, сунуштарыңды бересиң. Ошол жактарын караганда, сунуш туура эле.

-- Демек, сиз колдойсуз?

-- Колдойм. Түшкө чейин кеңешме өткөрүп, түштөн кийин комитетте иштегенибиз туура эле болмок.

-- “Азыркы регламент көп талаштарды жаратууда. Аны жаңылаш керек” деген сунуштар бар. Сиз кандай ойдосуз?

-- Бир тобубуз бир мандаттуу округдардан келдик да. Азыркы иштеп жаткан регламентте бир мандаттуу деген жок. Депутаттык топ деген да жок. Ошон үчүн жаңыртыш керек. Регламент Конституцияга карама-каршы келген жерлер да көп. Жаңы сунушталып жаткан долбоордо да кээ бир нерселер жок экен. Мисалы, депутаттык иликтөө. Иликтөө десе эле кээ бирөөлөр тергөөчү менен прокурордун милдетин түшүнүшөт экен. Жок, андай эмес. Мага мисалы, суу маселеси боюнча келишти. Мен депутаттык иликтөө жүргүзсөм, мыйзам бузуулар көп экен.

-- Жогорку билим боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?

-- Элдик депутат дегендин өзү бузулуп калбадыбы. Мурда саанчы, чабан, ширетүүчүлөр депутат болгондо сонун эле жашабадык беле? Биз “жогорку билими барлар келсин” деп туура эмес кылып жатабыз.

-- Бирок, мыйзам жазганга сабаттуу, билимдүү кишилер керек да?

-- Мыйзамдын баарын өкмөт жазып келип атпайбы. Айталы, билим берүү жөнүндөгү мыйзам болсо, долбоорду билим берүү министрлиги даярдайт. Анан депутаттардын арасында мугалим болсо, “болот”, же “болбойт” деп карап отурат. Негизи, элдин өкүлдөрү отуруп, “туура эмес мыйзам өтүп кетпесин” деп көзөмөлгө алып туруш керек болчу. А биздечи? Мага окшогон байлар келип алды да, ачыгын айтканда... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер