Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Биримдик” №1. 2,5 млн. шайлоочу менен жолуктук, бүт өлкө бизди колдоду!

“Биримдик” №1. 2,5 млн. шайлоочу менен жолуктук, бүт өлкө бизди колдоду!

02-октябрь, 15:47
1 445 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Биримдик» демократиялык социализм-евразиялык тандоо партиясынын командасы үгүт кампанияга чегерилген бир айдын ичинде Кыргызстандын баардык облустарында, шаарларында жана айылдарында шайлоочулар менен беш миӊден ашуун жолугушууларды өткөрүштү. Баардыгы үгүт кампаниясынын жүрүшүндө «Биримдик» партиясы бүткүл өлкө боюнча 2,5 миллиондон ашык шайлоочулар менен жолугушту.

«Биримдик» партиясынын талапкерлери менен лидерлери Төрөбай Зулпукаров, Акылбек Жамангулов, Аида Касымалиева, Улукбек Кочкоров жана башка партиянын талапкерлери жолугушуулардын жүрүшүндө ар бир кыргызстандыктын оюн угуп, аларды кызыктырган маселелерге жооп берип, «Биримдик» партиясынын идеологиясы жана пландары туурасында жана аларды чечүүнүн жолдорун айтып беришти.

Жалпылап айтканда, «Биримдик» партиясынын үгүт кербенинин жүрүшү учурунда өлкөнүн эӊ эле алыскы аймактарына чейин барышып, партиянын программасы менен идеологиясын Кыргызстандын ар бир тургунуна чейин жеткирүүгө жетишишти. Баарлашып, пикир алмашып, элдин суроо-талаптарын угушуп, алардын колдоосуна ээ болушту.

«Биримдик» демократиялык социализм жана евразиялык тандоо партиясынын үгүт кербени 4-сентябрда өлкө боюнча жүрүшүн Бишкек жана Ош шаарларынан баштаганын эсиӊиздерге салабыз. Үгүт кампаниясынын башталганына арналган расмий иш-чара өлкөнүн түндүк жана түштүк борборлорунда – Бишкектин Жеӊиш аянтында, Ош шаарындагы ыйык Сулайман-Тоодо өткөрүлгөн.

№1 БИРИМДИКТИ колдоо менен сиздер өз элиӊиздерди колдогон болосуздар. Жекшембиде 4-октябрда 8.00дөн 20.00гө чейин шайлоо участкаларына келип, тизменин башындагы №1-БИРИМДИК партиясына добуш бериӊиздер!


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер