Акыркы кабарлар
» Коом » Окуу жылын кайрадан баштоо сунушу талкууланууда
Окуу жылын кайрадан баштоо сунушу талкууланууда
07-июнь, 11:42
185 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Билим берүү жана илим министрлиги окуу жылынын мөөнөтү боюнча ата-энелерден жана окуу жайларынан түшүп жаткан сунуш-кайрылууларды изилдеп жатат. Бул тууралуу 6-июнда Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин отурумунда министрдин орун басары Расул Авазбек уулу билдирди.
“Бизге да ата-энелерден жана окуу мекемелеринен, анын ичинде өзгөчөлүгү бар окуу жайлардан да көптөгөн кайрылуулар келип жатат. Кайрылуу-даттануулар боюнча министрдин кабары бар, аппаратка бул боюнча тапшырма берген. Артыкчылыктар, тобокелчиликтер жана коркунучтар жөнүндө”.
Маселени депутат Аида Исатбек кызы көтөрүп чыгып, көп ата-эне кайрылып жатканын айтты.
“Биздин мектептердеги класстарда 40-50 бала окуйт. Күн ысыганда чоң көйгөй болууда. Балдар чарчап жатат, маалыматты өздөштүрө алышпайт. Кайрадан 1-сентябрдан 25-майга чейинкидей тартипке алып келе алабызбы? “Жок, алып келе албайбыз” десек, анда иш жүргүзүш керекпи деп ойлойм, класстарга кондиционер орнотуп, шарт түзүп...”