Февралдагы ромашкалар
Бир күнү айылдаш эжелерим “конок тосот элем, жездеңдин жолдош балдары келет. Келип, жардамдашып койчу?” деп чакырып калды. Эч нерседен бейкапар эжемдин баласын багышып, конокторго башбакпай, ашкана тарапта эле жүргөм. Бир кезде жездемди издеп, ашканага бир жигит кирип келди. Көргөн көзүмө ишене албай турдум. Сен турдуң... Ооба, бир кезде мен сүйгөн, мен ашык болгон Дайыр. Сен дагы буйдалып, мага карап, “ой, Айдай, кандай? Сен чоң кыз болуп калгансың го? Кызгалдактай кулпуруп бой жеткенсиң го?” дедиң. Бул сөздөрүң ого бетер таңкалтырды. Эжеме да кайра-кайра “Айдай сулуу кыз болуп бой жетиптир” деп айта берипсиң. Тагдырдын тамашасын кара! Бир кезде мен ашык болуп, арзуумду айта албай калган жигит кайрадан мени жолугушууга чакырды.
Кычыраган кыш. Февраль айы эле. Экөөбүз биринчи ирет жолугуштук. Кучагың толо ак ромашкалар. Февралдагы ромашкалар. Көп узабай колумду да сурадың. Тойго даярданган апакелерибиздин кубанычын айтпа. “Өзүбүздүн кызыбыз, өзүбүздүн балабыз” деп кубангандарычы! Баарынан маанилүүсү, сенин мага болгон махабатың, мага болгон сүйүүң, мамилең эле. Айылыбызды дүңгүрөтүп той өткөрдүк. Бактылуу жылдар өттү. Жашоо-тирликке байланыштуу сен алыска иштеп келүүгө мажбур болдуң. Сени узатып жатканда баягы сезимдер, бала кезимде мен сүйгөн жигит шаарга окуп кеткенде жандүйнөм аңгырагандай аңгырап, колумдан кимдир бирөөгө жулдуруп жиберчүдөй ичим ачышып, жөнөтүп кала бердим.
Жаңы жыл алдында баарыбызга кимдир бирөөдөн белектерди бердирип жиберипсиң. Балдарыбызга, апабызга, а мага болсо кышкы аппак ромашкалар... Кубанычтан көз жашым куюлуп турду. Сен дагы биздин сүйүүбүздү аздектээриңе, бекем сактаарыңа ишенип ыйлап турдум...
Айдай НУРКУЛОВА