Акыркы кабарлар
22:58
» Саясат » Бакыт Төрөбаев: “Азык-түлүк баасын арзандатууга тапшырма бердик”
Бакыт Төрөбаев: “Азык-түлүк баасын арзандатууга тапшырма бердик”
30-март, 19:48

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу Бакыт Төрөбаев азык-түлүк жана жер семирткичтин баасы арзандай турганын билдирди.
Бүгүн парламентте анын талапкерлиги каралды. Төрөбаев доллардын курсу түшүп жатканынан улам кечээ бир топ тапшырмаларды бергенин айтты.
"Кумшекердин жеңилдетилген баасын 68ден 60 сомго, дүң баасын 78ден 75 сомго түшүрдүк. Өсүмдүк майын дагы көзөмөлгө алдык. Импортчулар рубль, доллар менен иштейт экен. Аларга бааны түшүрүш керектигин айттык. Азыр түштүк тарапта чоң завод ишке киргизилди, ал жерде 5 литр май 700 сомдон ашпасын дедик. Бир айдын ичинде Кант шаарындагы май завод иштеп баштайт. Ун боюнча дагы көзөмөлдөп жатабыз" деди Төрөбаев.