Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дамира Абылова: “Абактагы Мамбетжунус Абыловго оор операция жасалды”

Дамира Абылова: “Абактагы Мамбетжунус Абыловго оор операция жасалды”

07-апрель, 19:30
571 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2022-жылдын 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, жарандык активист жана блогерлер, жалпысынан 26 адам камалган. Биз алардын жакындарынан ар жума сайын пикир алып, гезит бетине чагылдырып келебиз. Бу саам Мамбетжунус Абылов агабыздын байбичеси Дамира Абылованы кепке тарттык.

-- Дамира эже, Мамбетжунус аганын операциядан кийин бүгүнкү күндө абалы кантип атат?

-- Ооруканадан эрте чыгарып коюшту. Бир жума жаткырып, бир аз да болсо калыбына келүү мөөнөтүнө чейин коё турушса болмок. Заарасынан кан чыгып атыптыр. Негизинен оор операция болду. Андан кийин райондук сотто “жок дегенде үй камагына чыгарабы?” деген ой бар эле. Андай болбоду. Шаардык сотто да калтырышты. Ал жерге бизди киргизишкен жок. Жактоочулар “байке араң эле басып келди” деди. Баары эле бир топ жүдөп калышыптыр. “Үшүп атабыз” деп кат жазган экен, жылыткыч алпарып бердим. Операция кылгандардын бир тобун кайра эле камакка алпарып коюшту. 

-- Орозо маалы да ортолоп калгансыды...

-- Эми жок дегенде ыйык Орозо айында үй камагына чыгарып коюшса болмок. 70 жашты таяган адамга өтө эле кыйын болуп атат. Шарты ойдогудай эмес. А киши өмүр бою кыргыз элине ак кызматын аяган эмес. Ак көңүл, боорукер, акты ак, караны кара деп түз айткан киши. Ошентсе да Орозо айы бүтө элек, үмүтүбүз бар, чыгарып коёбу деп атабыз. 

-- Сот, прокурор, тергөөчүлөр эмне деп атышат?

-- Эч нерсе табышпады. Кыпындай да далил жок. Жөн эле кармап отурушат. Күнөөсү табылбагандан кийин чыгарып коюшсун да. 


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер