Коронавирустук инфекцияны жуктуруп албоо үчүн кандай чара көрүү зарыл?

Маалым болгондой, коронавирустар – негизинен жаныбарларда оору пайда кылуучу вирустардын тобу, бирок, кээ бир учурда алар адамдарга жугушу мүмкүн. Көп учурда коронавирус пайда кылган оорулар жеңил формада өтөт.
Коронавирусту пайда кылган оорунун белгилери кандай?
· дене табынын жогорулашы;
· чүчкүрүү;
· кургак жөтөл;
· дем алуунун кыйындашы.
Адатта бул белгилер коронавируска эмес, кадимки сасык тумоого мүнөздүү. Өз алдынча дарыланууга болбойт.
Коронавирус кантип тарайт?
Башка респиратордук вирустар сымал эле коронавирус дагы ооруну жуктуруп алган адамдын дем алуу жолдорунан жөтөлгөндө, чүчкүргөндө чыккан бөлүкчөлөр аба аркылуу тарайт. Сейрек учурда ал адамдар жалпы колдонгон кир буюмдарды кармаганда жугат. Мисалы, каалганын туткасын кармап, андан соң кир колдору менен оозун, көзүн, мурдун кармалаганда.
Коронавирусту жуктуруп албаш үчүн эмне кылуу керек?
Вирустук инфекциялардан өзүңдү коргоонун эң биринчи ыкмасы – бул колуңдун, колдонгон буюмдарыңдын жана чөйрөңдүн тазалыгын сактоо.
· колуңарды бат-баттан самындап жууп же антисептикалык каражаттар менен тазалап тургула;
· кир колуңар менен ооз, көз, мурдуңарды кармалабагыла;
· иш ордуңарды, колдонгон жабдыктарды (компьютердин клавиатурасын, жалпы колдонуудагы кеңсе техникаларын, смартфондун экранын, пульт жана каалганын туткасын) дайыма сүртүп, тазалап тургула;
· бөлмөнү желдетип тургула;
· балдарыңызга коронавирус инфекциясынан коргонуу чараларын жана өздүк гигиена тууралуу айтып бериңиз.