Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аманкан Кенжебаев, ЖК депутаты: “920 орундуу мектепте 3515 бала окуп жатат”

Аманкан Кенжебаев, ЖК депутаты: “920 орундуу мектепте 3515 бала окуп жатат”

03-май, 12:00
478 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Аманкан Батырбекович, бүгүн мектеп боюнча өтө көйгөйлүү маселени көтөрдүңүз. Аны чечүүнүн кандай жолдору бар?

-- Сокулуктун Ат-Башы айыл өкмөтүндөгү мектепте бүгүнкү күндө 3515 бала үч нөөмөт менен окуп атат. Мектеп өзү 920 орундуу. Ал жерге жакын жайгашкан Учкун, Кут, Дача-СУ жана Лесное айылдары бар. Булар мектептен 7-12 чакырым алыстыкта жайгашкан. Окуучулардын баары автобус менен келип окушат. Дача-СУда автобус да жетишсиз. Жакында эле окуучуларды ташыган автобус кырсыкка кабылып, 27 бала жабыркаган. Ошондон улам ата-энелер башталгыч мектеп салып бересеңер ушундай кырсыктар болбойт беле деп суранышууда. Лесное айылы Ат-Башы, Манас айылынан 7 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал жерден 250 бала каттап окуйт. Эми жок дегенде 150 орундуу башталгыч мектеп салынса, окуучулар 1-5-класска чейин өзүнүн айылында окуп, чоңураак класстарды автобус менен ташыса болот деген маселени коюп жатышат. Жакында эле автобусу жарабай калып, демөөрчүлөр жаңы автобус сатып беришти. Аларга элдин атынан ырахмат айтып кетким келет. Бирок, маселе муну менен чечилбейт. Башталгыч мектеп сөзсүз керек. Андан тышкары, 3500 бала окуп, балдар батпай калгандыгына байланыштуу 2020-жылы ал жерге 500 орундуу кошумча корпус салынып жаткан. Анын курулушу астыга жылбай, үч жылдан бери болгону дубалы көтөрүлүп, ошол бойдон туруп калды. Ошол мектепти тезирээк бүтүрүп берүүнү суранып жатабыз. Бирок, маселе муну менен да чечилбейт. Дача-СУ, Кут айылдарынын ортосуна дагы бир мектеп салуу зарыл. Анткени, ал жерде биздин жашоочулардан тышкары деле Бишкек шаарына 100 гектар жер берилген. Мен бул боюнча билим берүү министри менен сүйлөшкөнгө аракет кылам, президентке да кайрылуу жазам. Бул чоң маселелердин бири. Ички миграция Чүй облусу боюнча эки райондо: Сокулук жана Аламүдүн районунда өзгөчө күчтүү. Сокулуктун өзүнүн жашоочулары 197 миң болсо, бүгүнкү күндө 400 миңден ашуун киши жашап жатат. Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн эле жашоочулары 150 миңге чыгып кетти. Ошон үчүн жогорудагы маселелер шашылыш түрдө чечилүүгө тийиш.

-- Айтмакчы, жанагы кырсыкка кабылган окуучу балдардын абалы кандай?

-- Кудайга шүгүр, реанимацияга түшкөн төрт баланын үчөө ооруканадан үйлөрүнөн чыгышты. Бир баланын гана абалы бир аз оор болуп, дале ооруканада жатат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер