Акыркы кабарлар
» Коом » Аида Касымалиева менен Лунара Мамытова 20 жылдыкты чогуу өткөрүштү (фото)
Аида Касымалиева менен Лунара Мамытова 20 жылдыкты чогуу өткөрүштү (фото)
25-май, 18:08


Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева жана социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Лунара Мамытова 20 жылдык жолугушууга барышты. Мамытова социалдык тармактагы баракчасына сүрөт жарыялады.
Алар Ош шаарындагы №17 Юрий Гагарин атындагы мектеп-гимназиясында чогуу окушуп, классташ болушкан.
Лунара Мамытова буга чейин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары кызматын аркалап келген. Ал 2015-жылы “Бир Бол” саясый партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ал эми бир нече жыл журналистика тармагында эмгектенген Аида Касымалиева учурда Жогорку Кеңештин вице-спикери. Ал 2017-жылы КСДП фракциясынан депутаттык мандатка ээ болгон.











