Урматтуу президент, облустук гезиттердин тагдыры эмне болот?


Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго
Ачык кат
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Ишиңиз абдан көп. Өлкөбүздүн ар бир тармагын өнүктүрүү, эл аралык кадыр-баркын көтөрүү, элибиздин турмуш абалын жакшыртуу боюнча жанбүдөөгө түшүп иштеп атасыз. Антсе да облустук гезиттердин башкы редакторлорунун атынан сизге кайрылууга аргасыз болуп отурам.
Мындан үч жыл мурда облустук гезиттер облустук телекомпанияларга кошулуп, “Медиа борбор” деген структура түзүлгөнүн жакшы билесиз. Реформа кылабыз деп аны уюштургандардын анабашында өкмөттүн ошол кездеги бөлүм башчысы Чыңгыз Эсенгулов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин ошол учурдагы орун басары Айнура Темирбекова жана министрликтин маалымат департаментинин мурдагы директору Бактыгүл Ноорузбаевалар турушкан болчу. Айтор, кой короо менен уй короону кошкондой эле кеп болуп, үч жыл эзилдик. Биздин пикирди эч ким сурап койгон жок. Канча убакыт, канча нерв кетти, мамлекеттин канча акча каражаты жумшалды... Мүмкүн маалымат каражаттарын мындай оор абалга кептөөдө тигилердин кандайдыр кызыкчылыгы болгондур. Эми азыр аны айтыш да кыйын.
Барбаган жерибиз, какпаган эшигибиз калган эмес. Акыры 2021-жылдын 23-октябрында сиз башкы редакторлорду кабыл алып, гезиттерди өз алдынча мекеме катары мурдагы абалына келтирүү маселесин толук чечкенсиз. Сиздин, министрлер кабинетинин тийешелүү токтомдору чыгып, мына акыркы күндөрү редакциялардын иши өз нугуна түшүп келаткан болчу. Мекеме катары каттоодон өтүп, банк эсептерин ачып, журналист кадрларды толуктап, жаңы эле иштей баштаганбыз.
Бирок, медианын курамында жүрө бербей, сизге чейин кайрылып, гезиттерди бөлүп кеткенибиз айрым чоңдорго жаккан жок. Министрлик сиздин көрсөтмөнү убагында аткарбай, гезиттерди бөлүү боюнча уюштуруу жумуштарын улам созуп, кечеңдетип отуруп, ушул январь айына чейин алып келди.
Ошол Чыңгыз Эсенгулов азыр маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары мындан бир жума мурда башкы редакторлорго кат жиберип, “иштен кетесиңер” деп кодулап атпайбы! Буга чейин деле андан жылуу сөз, дурусураак кеп-кеңеш уккан эмеспиз. “Кой, бул болчудай эмес, барып жөнжайды түшүндүрүп, такташып келели” деп региондордон чогулуп, министрликке барсак, жообун бербей эки күн күттүрдү. Жетим баладай болуп эшиктин оозунда отурдук.
Анан “министр чечти, башкы редакторлорго конкурс өткөрүлөт” деп биздин уставда жок, мыйзамсыз жол-жобосун айтып, иттен чыгарат да, бүгүн жоо кубалап келаткансып, министрдин 31-32-буйруктарын чыгартып, 9 башкы редакторду "чаап" салып отурат. Басма сөз тармагынан алыс турган, бул боюнча өз пикири жок министр Алтынбек Максүтов тыңчыкма орун басарына такоот бере албай, отуруп берди. Болбосо эч кандай себеби жок туруп, ушунча ташбоордукка баруунун эмне зарылчылыгы бар эле?!
Башкаларды билбейм, “кайран төртүнчү бийлик” дедим мен ичимден. Кимдердин туткунунда калганбыз? Кандай адамдар бийликте отуруп алып, эмне деген иштерди жасап жатышат? “Облустук гезит” деген чоң тармактын тагдыры эмне болот? Бүт өмүрүн басма сөзгө байлап, анын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, болгон жүгүн көтөрүшүп келаткан 9 жетекчинин тагдыры эмне болот?
Мен го кантсе да колумда калемим бар, чыгармачылыктын бийигинде турган адаммын. Өзүмдү жубатууга аздыр-көптүр өбөлгө түзө алам. А тиги карандай басма сөз менен алектенип, бүгүн-эртең пенсияга чыгам деп турган адамдардын тагдыры эмне болот? Кайсы күнөөлөрү үчүн кысмакка кабылышты? Адамгерчилик, калыстык деген кайда? Президентке кайрылып, “кыйын болумуш эткендерди экинчи баш көтөргүс кылалы, кешиктерин соолутуп коёлу” деген сасык саясат ушинтип эле жүрүп кетеби? Деги буларды тизгиндей турган бирөө барбы?!
Убактыңызды алып, сизге атайын кайрылдым, урматтуу Садыр Нургожоевич! Биринчиден, өзүңүз терең түшүнүп, туура чечип берген иштин соңу кандай кейиштүү бүткөнүн айтайын дедим. Экинчиден, айланаңызда, бийлик бутактарында Эсенгуловго, Максүтовго окшогон адамдар да бар экенин билип койгонуңуз сизге ашыктык кылбаса керек.











