Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азыр “Эл Баатыры” наамын бере турган учурбу?

Азыр “Эл Баатыры” наамын бере турган учурбу?

03-декабрь, 20:10
900 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Акыркы жаңылыктар” каналы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жөнүндө атайын берүү даярдаган “Регион” телеканалынын берүүсүнө таянып, Сузактын тургуну Муктар Исмаилов Камчыбек Ташиевге “Ош окуясында жасаган эмгеги үчүн” Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры наамын берүү демилгесин көтөргөндүгүн жарыя кылды. Укук талаасынан чыгып кеткен Кыргызстан тамтуң баскан баладай эки жакка термелип, бир нукка түшө албай жатканда, өлкөнү башкаруу формасы чечилбей, Конституция талкууланып, президент шайлана электе, чек ара талаштары чечилбей жатканда, “эми Кыргызстан эмне болот?” деп дүйнөлүк коомчулук сынап карап турганда, ушундай маселенин коюлушунун өзү туура эмес.

Ош окуясында улут аралык жаңжал болду, бул маселе боюнча Убактылуу өкмөт мүчөлөрү жооп бериш керек. Убагында текшерген комиссия көп нерсени жашырып койгон деген да пикирлер бар. Ошон үчүн бул трагедия кайра каралып, ага баа берилиши зарыл. Ошонун алкагында Камчыбек Ташиевдин жасаган иши, же эрдиги бааланып, анан ардактуу наам берсе болот. Бирок, ал азыркы кысталыш, кыйын учурда эмес, мамлекеттик чоң көйгөйлөр чечилип, бир нукка түшкөндөн кийин карай турган маселе.

“Жок, аны күтө албайбыз” десеңер, бийликтин эки тизгин, бир чылбыры үка-досу, президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун колунда, ал эртең эле “Камчыбек Ташиев Эл Баатыры” деп жарлыкка кол коюп коёт. Бийлик формасы кризиске учурап, эски менен жаңы алмашып, кылчайнашкан күрөш катуу болуп жаткан охлократия мезгилинде ач кыйкырык, куу сүрөөн менен жүргөн “арматурщиктердин” заманында баары боло берет эмеспи... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер