Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Лениндин эстелигине жалгыз Клара Ажибекова таазим кылып жүрөт

Лениндин эстелигине жалгыз Клара Ажибекова таазим кылып жүрөт

06-март, 19:06
344 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

 Абсамат Масалиев, Клара Ажибекова токсонунчу жылдары приватизацияга каршы чыркырап жүрүшчү эле. Жеймократтарга ишенбегиле, алдап, капитализмге алып барышат дегенде эл колдобой койгон. Жеймократтар болсо коммунисттер жаман, жаңы жыргализм коомду түзөбүз деп элдин башын айлантып, бийликке келишкен. Азыр болсо Жогорку Кеңеште бир эле коммунист Исхак Масалиев отурат. Конституциябызда “социалистик деген сөздү жеймократтар алып коюп, жеке менчикти кол тийбес кылып койгон. Ошентип мыйзамдуу түрдө элден коммунисттер курган завод, фабрика, пансионат, бала бакчаларды прихватизация кылып алышып, “базар экомикасы” деп жыргап отурушат. Учурда Лениндин эстелигине кызыл желегин көтөрүп алып, жалгыз Клара Ажибекова барып таазим кылып жүрөт.

Чын эле карапайым эл үчүн күйгөн болсок, бир күнү барып Лениндин эстелигине гүл коюп коёлу, балким чоңдорубузга, байларыбызга жана жаңы “жеймократтарга” кандайдыр бир түрткү болор...


Бакыт Бакетаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер