Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исхак МАСАЛИЕВ, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан ЖК депутаты: “Башка партияга барбайм. Депутат болбой эле койдум”

Исхак МАСАЛИЕВ, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан ЖК депутаты: “Башка партияга барбайм. Депутат болбой эле койдум”

13-октябрь, 14:49
486 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Исхак Абсаматович, парламенттик шайлоого чейин дагы бир жыл бар. Бирок, ага даярдык эмитен эле жүрө баштаган чыгар...

-- Аракеттер болуп атат. Анча-мынча саясатчылар бири-бири менен кучакташып, шыбырашып, пикир алмашуу жүрүп жатат. Мындай процесс Жогорку Кеңештен сыртта да жүрүүдө. Бул турган иш. Баары эле “президент кайсы партияны “менин партиям” деп атайт, кимге көңүл бурат?” деп карап турушат. Кимге көзүн кысып койсо эле ошол партияга барганга даяр турушат. Же кайсы бир бай “мына, менин акчам бар, келгиле” десе, ошол жакка агылышат. Себеп дегенде, бүгүнкү күндө шайлоо байлардын иш-аракети болуп калды. Акчаң жок болсо, лучше шайлоого чыкпай эле кой. Бул туура эмес. Байлар негизи саясатка киришпеши керек. Андан көрө, өздөрүнүн юристтерин киргизишсе туура болсок. Анткени, парламент мыйзам чыгарып жана анын аткарылышына көзөмөл кыла турган жер. Ал эми бизнесмен кантип мыйзам жазат, кантип көзөмөл кылат?

-- Азыр жаңы партия түзүлсө, кийинки шайлоого катышканга мүмкүнчүлүгү болобу? Убакыт жагынан чектөө жокпу?..

-- Мурда бир жылдык мөөнөт бар болчу. Азыр ал алынган. Кааласаң шайлоого эки ай калганда деле партия түзүп, катышсаң болот. Мен ойлоп атам, азыркы 6  партиянын ичинен төртөө точно өтпөйт. Бирок, азыркы менин кесиптештеримдин көбү башка партиялар менен келиши мүмкүн. 

-- Мурда өз партиясынан чыкпай туруп башка партия менен шайлоого катышса болот эле. Азыр ага жол берилбейт. Эми сиз шайлоого кантип бармакчысыз?

-- Мен, дагы үч-төрт депутат өзүбүздүн партиянын катарында калып, “Өнүгүү-Прогресстин” тизмеси менен депутат болуп келдик. Азыр ал норма алынып салынган. Калыстык үчүн айтканда, бул туура эле. Башка партия менен баргың келсе, анда өзүңдүн партияңды ташташың керек. Андыктан, мага өтө оор болот. Менин фамилиям менен партияны кантип таштап кетем? 1981-жылдан бери бир гана партияга мүчөмүн. Башка жакка кетпейм. Депутат болбой эле койдум. Мага жарашпайт ал. Ал эми башкаларга оңой эле. Бүгүнкү күнгө чейин партияларын алмаштырып эле жүрүшкөн да. 

-- Өзүңүздүн партияңыз менен барсаңыз, шайлоодон утканга шансыңыздар барбы?

-- Шанс баарыбызда бирдей эле. Баардык нерсе каражатка байланыштуу.  Акчаң жок болсо башыңды дубалга миң жолу ургуласаң да натыйжа чыкпайт. Анан элге да байланыштуу болот. Эгер эл “либералдуу демократияга тойдук” десе, анда мүмкүнчүлүк болот. 


"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер