Акыркы кабарлар
» Коом » Адамды сабап, муунтуп, тумчуктуруп кыйнаган эки милиция 8 жылга эркинен ажыратылды
Адамды сабап, муунтуп, тумчуктуруп кыйнаган эки милиция 8 жылга эркинен ажыратылды
28-ноябрь, 09:58


Ысык-Ата райондук соту кылмышка шектүү адамды кыйнап, сабаган жергиликтүү ИИБнын эки милициясын күнөөлүү деп тапты.
Ысык-Ата РИИБнын эки кызматкери кылмышка шектүү деп А.К.ны милиция бөлүмүнө алып келишкен. Андан кийин башына пакет кийгизип, колуна кишен тагып, күнөөнү мойнуна алдыруу үчүн жерге жаткызып алып сабашкан. Прокуратура «Кыйноо» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тартип сакчылары камакка алынган.
Кечээ, адамды кыйнаган эки милицияны сот 8 жылга эркинен ажыратылды.
Aryba.kg