Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эрлан Камалов: “Инвестиция тартууда комплекстүү иштер жүргүзүлүшү керек”

Эрлан Камалов: “Инвестиция тартууда комплекстүү иштер жүргүзүлүшү керек”

07-июль, 17:58
304 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экономика боюнча эксперт менен маек.

-- Кыргызстанга инвестиция тартууда кандай көйгөйлөр бар? Маселени чечүү жолдорун айтсаңыз?

-- Өлкөбүзгө инвестиция тартуудагы тоскоолдук – бул Кыргызстандын чоң транспорттук коридорлордон сыртта калгандыгы, арзан темир жол, авиакаттамдардын, деңизге чыккан жолдун жоктугу болуп саналат. Ошондой эле биздин калктын саны дагы маанилүү фактор. Мисалы, азыр бизге салыштырмалуу эли көп Өзбекстан, Казакстанга инвесторлордун келип атканын байкап жатабыз. Бул ошол калктын санынан дагы көз каранды жагдай. Ал эми мамлекетибиздин ички маселелерине келе турган болсок, инвестиция тартуу аракети жетиштүүдөй эле көрүнөт, бирок бул жерде комплекстүү иш жүргүзүлүшү керек. Биринчи кезекте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бийлик өкүлдөрүнөн сырткары Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтери, дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жумушуна дагы баа берилиши керек деп ойлойм. 

Инвестиция тартууда биздин биринчи эшигибиз, астанабыз ошол элчиликтер болуп эсептелет. Ар бир элчи канча инвесторду кызыктыра алды? Экономикалык дипломатия менен канчалык алектенип жатат?” деген критерийлер менен баа берилип, ошого жараша чечимдер кабыл алынышы зарыл. Сырттан эле инвестиция издей бербей, биздин ички инвесторлорго дагы басым жасаганды үйрөнүшүбүз керек, аларга дагы көңүл буруп, шарт түзүп беришибиз шарт. Шартты биринчи кезекте биздин ички инвесторлорго түзүшүбүз өтө маанилүү. Биздин жарандарыбыздай Кыргызстанга чынында эч ким күйбөйт. Экономикада айланып жаткан көмүскө акчаны ачыкка чыгарып, легалдаштырып, миллиондор агымын инвестициялык долбоорлорго бурганга аракет кылсак болот. Бул жерде башкы маселе – ишеним болуп, салынган инвестиция мыйзам менен корголушу зарыл.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер