Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жарыкты өчүрүү менен элдин кыжырына тийип албайбызбы?

Жарыкты өчүрүү менен элдин кыжырына тийип албайбызбы?

22-ноябрь, 20:24
537 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жарыкты өчүрүү, ар кандай чектөөлөрдү киргизүү менен салык саясатына, туристтердин келишине кедергисин тийгизип албайбызбы? Өнүгүү үчүн кошуна өлкөлөрдөн эле үлгү алсак болбойбу?..


Клара Ажибекова, коомдук ишмер:

-- Сөзсүз түрдө салык саясатына терс таасирин тийгизет, кедергиси болот! Электр жетпесе, айла жоктун иши болуп атат. Чынында биз кошуналардан суу жагынан салыштырмалуу бай өлкөбүз. Бирок, бир четинен кээде жаратылыштын оор шарты деген бар. Чынында эле акыркы жылдары кургакчылык болуп атпайбы. Ошондон улам суу сактагычтар ГЭСтерди толук камсыз кыла албай жатат окшойт. Анүстүнө энергия ресурстарыбыз тартыш болуп атабы дейм... Айла жок чыдайбыз да. Буга чейин деле көптөгөн кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрбөдүкпү.


Мураталы Турдубаев, жазуучу:

-- Кыргыз мамлекети акыркы жылдары тездик менен алдыга жылууда. Алыс кетпейли, борбор калаабыз күн санап өзгөрүп атат. Жолдор салынып, асфальтталып, тротуарлар жакшырып. Турак үйлөр байма-бай курулууда. Аны менен бирге чоң масштабда болбосо да чакан ишканалар ишке кирип, өз натыйжасын берүүдө. Ушунун баары электр жарыгына байланып атпайбы. Электр жарыгын керектөөчүлөрдүн саны көбөйгөндөн көбөйүүдө. Ооба, мындай учурда электр жарыгынын таңсыктыгы пайда болот. Бул кадыресе көрүнүш. Бул эми убактылуу эле болсо керек. Бийлик башындагылар деле баш катырып, “канткенде электр жарыгын, андагы көйгөйлөрдү тезинен чечебиз?” деп атышса керек. Албетте, электр жарыгын үнөмдөө, туура пайдалануу жагы бар. Жарыкты өчүрүү, ар кандай чектөөлөрдү киргизүү менен салык саясатына, туристтердин келишине кедергисин тийгизет, тийгизбей койбойт.  


Качкын Булатов, укук коргоочу:

-- Өнүгүп келаткан заманда электр жарыгын өчүрүү деген жакшы деле эмес. Бул жагдай карапайым элди тынчсыздандырып атат. Свет болбосо жашоонун жарымы токтоп калып атат. Тамак бышырыш керек, кээ бир элге пайдасы тийип аткан ишканалар токтоп калат ж.б. Ыңгайсыз жактары көп. Учурдагы бийлик 30 жылда жасабагандарды жасап, элдин жашоосун жакшыртып атат. Болот экен. Таңгалганым, эмнеге электр жарыгын жөнгө сала албай атышат? Суу башында турабыз. ГЭСтерди биринин артынан бирин куруп, керек болсо электрди чет мамлекетке сата турган шартыбыз бар. Кошуна өлкөлөргө кетип аткан сууну экономдоп, башчыларына айтып, “көрүп атасыздар бизде электр жарыгы жетишпей жатат. Эң ириде өзүбүздүн элди электр жарыгы менен камсыз кылалы” дешибиз керек го.             


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер