Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ноокат акими Данияр Шейшеканов чыр-чатак менен ишенимден чыгабы?

Ноокат акими Данияр Шейшеканов чыр-чатак менен ишенимден чыгабы?

23-февраль, 01:14
1 311 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

      Мамлекеттик жетекчинин мыйзамга, этикага байланыштуу чен өлчөмдөрү бар. Өзгөчө эл менен иштешкен аким ийкемдүү, дипломат болушу кажет. Тилекке каршы, Ноокат администрациясынын башчысы Данияр Шейшеканов соцтармакта чыр-чатакка себепчи болуп, артынан көп сөз ээрчиткени таңгалдырууда. Жергиликтүү калктын менталитетине, улутубуздун наркына карабай ичкиликке, “убактылуу кумарга” карата талкуу жаратканы кандай? Туризмди бетке кармоо менен чалкештикке сугарылуу жарабас, баарынан элдин намысы, ариети жогору турат эмеспи.  

     Ириде аким жергиликтүү калктын ынтымагын, биримдигин сактоо менен мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошушу шарт. Тескерисинче, Данияр Шейшеканов блогер болуп, ишкерлерден кынтык издеп, кайсы бир күчтөрдүн заказын аткарууга кириштиби? Эгерде кандайдыр бир келишпестиктер болсо, райондун башчысы катары арканды алыс ыргытып, ырааттуу таризде саясат жүргүзбөйбү? Өкүнүчтүүсү, бул эргул өзүнүн даражасын билбей, мурдагы акимдердин ишмердиктерине акаарат келтирип, кылдан кыйкым издеп, өзүн гана көкөлөтүүгө басым жасаганы логикага сыйбай калат го? Ооба, элдин көзү көрөгөч, аз убакытта эле так кесе адилеттүү баа берип коюшары шексиз. 

     Президент, өкмөт тарабынан мамлекеттик кызматкерлерди ротациялоо, элдин биримдигин арттыруу саясаты батыл жүрүүдө. Ушундай шартта “сокур ичегиге” айланбай, ичтен иритүүдөн бийик туруп, ишенимди актаса болот беле? Албетте, бул олуттуу суроо. Эң оболу, жергиликтүү эл ичине жик салбай, ынтымак-ырашкерликти ойлобойбу? Өкүнүчтүү... 

     Сөз кыябы келген соң, аймактагы жалпы абал боюнча гана саресеп салып, коңгуроо кагып коюну туура көрдүк. 

     Эмесе, реплика ордуна... “Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?” деген накыл кеп бар. Анын сыңарындай, Данияр Шейшеканов студент кезинде эле жакындары менен чырлашып жүрсө, ошол адаты калган эмеспи? Андай азабы азыр жарабас...

     Кыскасы, кийинки ирет акимдин ишмердигине, дараметине дагы да басым жасайлы, айрым деталдуу ыксыз көрүнүштөрү бүйүр кызытса керек...

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер