Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбек Осмонов: “Мадумаров экөөбүздүн жеке мамилебизде эч кандай карама-каршылык жок”

Айбек Осмонов: “Мадумаров экөөбүздүн жеке мамилебизде эч кандай карама-каршылык жок”

11-март, 09:00
766 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айбек мырза, кесиптешиңиз Адахан Мадумаров экөөңүздөр бир аз кер-мур айтышып калдыңыздар эле. Бул парламенттин ишине байланыштуу гана пикир келишпестикпи, же жеке мамилеңерде да ажырым барбы?

-- Биз парламентте ар кандай маселелерди караганда, кээде пикир-келишпестиктер болуп калат. Себеби, ар бир депутаттын көз карашы ар кыл. Жалгыз гана Адахан Кимсанбаевич эмес, башка депутаттар менен деле кайым айтыша кеткен учурлар болот. Бирок, жеке мамилебизде эч кандай карама-каршылык жок. Экөөбүз айтыша кеткенден кийин деле кийинки маселеде ал менин сунуштарымды колдоду. Адахан Кимсанбаевичтин сунуштары туура болсо, биз деле колдоп берип жаттык. Бул жерде эң башкы нерсе – өлкөгө, кыргыз элине пайдасы тийе турган мыйзам долбоору болсо, биз колдойбуз. Элдин кызыкчылыгына каршы келсе, колдобойбуз.

Ал маселени мен карап чыктым. Негизи бизге керек маселе экен. Менден башка депутаттар да карашты. Суроолорду берип, жетиштүү маалымат алдык. Ошонун негизинде талкуу узакка созулуп кеткендигине байланыштуу мен бир эле Адахан Кимсанбаевичке эмес, башкаларга да “тукумдан кыр издей бербей, өткөрүп берели. Кыргыз элине керектүү мыйзам экен” дедим.

-- Негизи депутаттардын өз позициясын жактап, бири-бири менен кер-мур айтышканы, кызыл чеке болушканы мыйзам ченемдүү көрүнүш го, кандай дейсиз?

-- Мен депутаттардын баары менен бирдей мамиледемин. Баардыгы менен жакшымын десем жаңылышпайм. Бирок, кээде комитетте, же палатада мыйзам долбоорлорун карап жатканда пикир келишпестиктер болот. Себеби, жогоруда айткандай, ар бир депутаттын ою ар кыл. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер