Аттуу-баштуу эле адамдан мындай жеңил мамиле күткөн эмесмин

Менин биринчи күйөөмдүн каза болгонуна алты жыл болуп калды, быйыл кокустан бир адам менен таанышып, турмушка чыктым.
Таанышкан күндөн баштап бул күйөөм жанымды койбой, “үйлөнөлү” деп шаштырды. Намаз окуган, аябай такыба, илимдүү, эл тааныган эле киши. “Аялым тууралуу сураба” деген, мен да эч нерсе сурабадым. Баш коштук, нике кыйдырдык. Мен балам ооруп, ошону менен болуп, көп нерсеге маани бербедим. “Балаңдын дарысына” деп 15 миң сом берди. Ошол бойдон дайынсыз жок болуп кетти. Кечээ вотсаптан “карызды бер” деп жазыптыр, аябай жаман болдум. Аттуу-баштуу эле адамдан мындай жеңил мамиле күткөн эмесмин. 15 миң сомду МБанк номерине котордум. Акчаны алгандан кийин “мен адашып сага жазып алыпмын” дейт, бирок ишенбедим. Жаман абалда калдым. Ушундай да адамдар бар экен арабызда. “Сырты жалтырак, ичи калтырак” адамдарды тааный билели!
Айдана
"Азия Ньюс" гезити