Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлен Маматалиев: “Баткен окуясынан кийин ыктыярдуу мобилизация түзүүнүн мыйзамдуулугу каралат”

Марлен Маматалиев: “Баткен окуясынан кийин ыктыярдуу мобилизация түзүүнүн мыйзамдуулугу каралат”

10-октябрь, 23:11
312 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Марлен мырза, аскер кызматына милдеттүүлөрдүн жаш курагын узартуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп жаткан экенсиздер. Ага эмне себеп болду?

-- Биз Баткен окуясы учурунда эл менен жолугушканыбызда көп көйгөйлүү маселелерди айтышты. Ошолордун бири элдин уюмдашып, күч органдарына жардам берүү маселеси болду. Бул жагынан чын эле көйгөй бар экенин өз көзүбүз менен көрдүк. Мисалы, жергиликтүү калк өз ыктыяры менен мобилизация бололу десе да ага мүмкүнчүлүк жок экен. Анткени, мындайга мыйзам жол бербейт. Мобилизациянын эки түрүндө тең “элүү жаштан жогорку курактагы жоокерлер чакырылбайт” деген сыяктуу өз талаптары, бюрократиялык тоскоолдуктары бар. Биз ошолордун баарын алып койдук. Ыктыярдууларга эч кандай тоскоолдук болбоого тийиш. Мындан тышкары, чек арадагы өкүлдөр жөнүндөгү мыйзамда да жаш курагы боюнча чектөөлөр кездешет, аны да алып салмакчыбыз.

-- Ошондо бул мыйзам өзгөчө учурларда, чек аралаш аймактарда гана колдонулабы?

-- Ооба, Баткен сыяктуу чек арага танапташ аймактарда гана ыктыярдууларды мобилизациялоого уруксат берилет. Каалоочулар болсо аларды алдын ала даярдап, резерв түзгөнгө мыйзамдык негизде мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Ал резервдеги отряддарды жылына эки жолудан машыктырып турушубуз керек. Алар керек учурда чогулуп, өз милдетин аткарганга даяр тургандай болушу кажет. Бирок, алар коргоо, ички иштер, же чек ара кызматынын алдындагы аларга баш ийген түзүм болот. Бул биринчиси. Экинчиси, чек ара аймагында жашаган тургундарга курал-жарак берүүдө да бюрократиялык тоскоолдуктар бар экен. Биз аларды да алып салдык. Анткени, жергиликтүү калктын арасында мергенчилер, мурда кызмат өтөп келген жөндөмдүү жаштар көп. Ошолорго курал-жарак бергенге уруксат берилмекчи. Дагы бир жолу кайталап койгум келет, бул жергиликтүү элдин суранычы, талабы боюнча болуп жатат. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер