Британияда апааттан көз жумгандардын көптүгү кооптондурууда
Британияда, Түштүк Африкада жана Бразилияда чыккан коронавирустун жаңы түрү саламаттык сактоо тармагындагы адистерди чочутуп турган чагы. Вирустун Британияда чыккан түрүнөн өлүм-житим көбүрөөк болушу мүмкүн экени кабарланды.
Евробиримдиктин бир катар мамлекеттери коронавирусту ооздуктоо иштерин катаалдатышты. Буга Британ өкмөтүнүн өткөн аптанын соңунда жасаган билдирүүсү түрткү болду. Жума күнү Британиянын премьер-министри Борис Жонсон коронавирустун Лондондо жайылган жаңы түрүнөн өлүм-житим көп болушу мүмкүн экенин билдирген: «Бизге түшкөн маалыматтарга караганда, жаңы вирус жугуштуу болгону аз келгенсип, андан көбүрөөк адам өлүшү мүмкүн. Мен муну силерге айтып коюшум керек!».
Анын айтымында, учурда Британиянын ооруканаларында 39 миңдей бейтап коронавирустан дарыланууда. Бул апрелдеги эң жогорку көрсөткүчкө караганда 78%га көп дегенди билдирет. Британияда кийинки күндөрү коронавирустан көз жумгандардын саны бир жарым миңдин тегерегинде болуп жатат.
Саламаттык сактоо тармагындагы адистер ушул тапта жалаң эле Британияда эмес, Түштүк Африкада жана Бразилияда чыккан коронавирустун жаңы түрлөрү боюнча да тынчсызданууларын билдиришүүдө. Үч вариант тең жугуштуу.
Коронавируска каршы чыккан вакциналар британ штаммынан коргой тургандыгы маалым болгону менен, алар Түштүк Африкада жана Бразилияда чыккан түрүнө каршы канчалык туруштук бере алары белгисиз.
“Азия Ньюс” гезити