Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Чөптү кордосо көзгө зыян” дечү беле? Айтматовдун атын майдалабагыла!

“Чөптү кордосо көзгө зыян” дечү беле? Айтматовдун атын майдалабагыла!

01-июль, 21:40
386 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү башкаруу боюнча агенттиги калктуу пункттардын жана райондордун аталыштарын жаңылоо максатында долбоорду министрлер кабинетинин атынан элге сунуштады. Ал жердеги сунуштар негизинен туура. Бирок баягы эле багы ачылбаган Чыңгыз Айтматовго байланыштуу маселе. Бул Кара-Буура районунун элинин суранычы боюнча жасалып жатса керек. Бирок бул туура эмес, карабууралыктар туура көрсө, залкар жазуучубуздун атасы Төрөкул Айтматовдун атын ошол районго берсе жарашат. 

Көрүнүктүү инсандардын атын берүүдө башаламандыктар көп болууда. Кыргыз-өзбек университетине Батыралы Сыдыковдун ысымы берилген. Ага окшогон мамлекеттик кызматкерлер көп. Мисалы, Үсөн Сыдыков кыргызга андан көп кызмат кылды. Ош мамлекеттик университетине бозгун Акаевдин аспиранты Кубанычбек Жумалиев доорон сүрүп турганда аксылык жердеши, акын Темиркул Үмөталиевдин атын койдурам деп өкмөттүн чечимин чыгартып, ызы-чуу чыкканда ал бүтүмү жокко чыгарылган. Андан кийин экс-ректор Каныбек Исаковдун атын беребиз деп жергиликтүү бийлик чечим чыгарып, аны Жогорку Кеңеште Жанар Акаевге окшогон делбетап депутаттар колдоп чыгышкан. Бул демилгеге экс-мамкатчы Осмонакун Ибраимов каршы чыгып, макала да жазган.

Ал эми Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк адабияттын классиги катары өзүнө түбөлүк эстелик койгон. Москва, Ташкент, Нур-Султандын чоң проспектилерине аты коюлду, эстелиги орнотулду, юбилейи төгөрөктүн төрт бурчунда даңаза менен белгиленип жүрөт. К.Бакиев, С.Жээнбековдор бийликте турганда 80 жылдык, 90 жылдык мааракелери өтүп, алар анын ысымына катардагы мамлекеттик кызматкердей мамиле жасашып, майдалап жиберишти. Кезинде бийлигине манчыркап турганда кыргызды дүйнөгө тааныткан эл сыймыгынын кадырын билбеген, маанисин түшүнбөгөн К.Бакиев менен С.Жээнбековдун деңгээлине түшүп, эми Ч.Айтматовдун атын майдалаштын кажети барбы?

Керектүү жерде Чыңгыз Айтматовду ооздорунан түшүрбөгөн Тургунбай Садыков, Миталип Мамытов, Жумагул Сааданбеков, Муратбек Бегалиев, Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, Абдылдажан Акматалиевге окшогон улут каймактары арбак, Кудай үчүн деле калыс сөзүн айтышпайбы?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер