“Мамлекет алсыз болсо, бийликти басып алууга ашыккан топтор чыга беришет”

-- Маал-маалы менен бийликти басып алууга ашыккан топтор чыга беришеби? Кыргызстан качан туруктуу мамлекет болот?
Акжол Келгенбаев, жеке ишкер:
-- Ооба, бийликти басып алууга ашыккан топтор чыгып келишкен, чыга беришет. Муну жашоодогу мыйзамдуу көрүнүш катары баалайлы. Качан гана мамлекет баардык тарабынан күчтүү болгон чакта, “бийликти басып алабыз” дегендер азайып, акыры түп-орду менен жоголору айкын. Менимче, буга чейин мамлекетибиз күчтүү боло албагандыктан ушундай жагдайлар орун алган да. Ошол эле топтордун арасында бир кезде мен да бар элем. Ал эми азыр андай топторду байкабай турам. Анткени, мамлекетибиз бара-бара баардык жагынан акырындан күчтөнүүдө. Кайсы гана тармакты албайлы, алдыга өсүштөр байкалып атат. Мындай учурда мамлекеттин жарандары бийлик башындагылардын кыла турган иштерине колдон келген жардамыбызды берүүбүз кажет. Эч качан аркы жээкте туруп алып, “сен мага тийбе, бирок ошол эле учурда менин жашоомду жаркырат” деген кош стандарттын уясына кирип албаганыбыз оң.
Артур Медетбеков, коомдук ишмер:
-- Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин үч жолу төңкөрүш (же революция дейбизби) болуп кетти. Бул жагдай көнүмүш адатка айланды. Ошону менен бирге кечээ кармалган он чакты биздин жарандардын арасында ошол үч жолку төңкөрүшкө катышкандар да аралашып калуусу мүмкүн. Бул окуя акыркы убакта Кыргызстан үчүн абдан маанилүү болуп турат. Экономикалык жана саясый каатчылыктын, коррупциялык схемалардын жана бажы системасындагы 60 миллиардга чейин мамлекетке зыян келтирген жагдайлар, ошол эле мамлекет ишенип, арты таза жаштардын бул кылган кылыктары таңгалычтуу. Негизи бийликти басып алууга шектелгендерди дыкат текшерүү керек. Анткен менен ошол кармалгандардын артында кандайдыр бир оппозициялык күчтөр деле жок өңдүү. Бирок, ушуга окшогон окуяларга тезинен чара көрүлүп, тыкыр иликтенип, жоопкерчиликке тартылбаса, кылмыштуулук жоюлбаса, буга окшогон “мен кыйынмын” деген топтор чыга берет. Мындай учурда биздин жарандар мамлекетке шылтап коюп отура бербеши керек деп ойлойм.
Эмил Жороев, саясый серепчи:
-- Кыргызстанда, тилекке каршы, кайра-кайра бийлик протест жолу менен алмашып келип, ал көнүмүш адат, илдетке айланган. Маанилүү жери, ар ошондой окуяда бийликти басып алуудан мурда массалык протест жолу менен кетирүү болгон (!) деп билишибиз керек. Башкача айтканда, жөн жерден кай бир топтор чыга келип басып алган эмес, иштеп жаткан бийликке нааразылык күчөп, аны кетирүү орун алган.
Негизи басып алган мисалдар эл аралык тажрыйбада көп, бирок бизде андай окуя таза болгон эмес. Бийликти кетирип, ордуна келип алуу аракеттери болбошу үчүн мамлекеттик башкаруу так мыйзамдуулук негизинде, мыйзамдын үстөмдүгү менен аткарылуусу зарыл. Мыйзамдуулук кагазда гана эмес, реалдуулукта өкүм сүрүшү керек. Формалдуу түрдө ар нерсени мыйзамдаштырса жараша берет, бирок ал жол элди, коомдун адилеттүүлүк сезимин алдай албайт. Андыктан, башкарууда чыныгы мыйзамдуулук, адилеттүүлүк болууга тийиш. Ошондо бийликти кетирбей эле, ордун төңкөрүш аркылуу талашпай эле акыйкатта жетсе болорун эл жана саясый топтор билсе, андай аракеттер орундалбайт. Албетте, дайыма чыныгы саясый оппортунисттер, бузуку күчтөр болушу мүмкүн. Андайга каршы туруу үчүн, биринчиден, кайра эле мыйзамдуу укук коргоо жана коопсуздук иштери, эл арасында адилеттүү жол гана туура экенин бекем туткан маданият жаралышы керек.
Эмил Токтошев, ЖК депутаты:
-- Кыргызстандагы саясый туруктуулук, мамлекеттик башкаруунун өнүгүү деңгээли жогору болуш үчүн бир нече багытты бирге алыш керек.
1. Өлкөдө саясый жана мамлекеттик институттар күчтөнүп, мыйзамдын үстөмдүгү орногондо, бийликти басып алууга умтулган күчтөрдүн аракеттери азаят.
2. Кыргызстанда экономикалык жактан туруктуулук камсыздалса, калктын нааразычылыгы азайып, саясый чыңалуу төмөндөйт.
3. Коом ичинде саясый жана этностук бөлүнүүлөр болбосо, мамлекеттин туруктуулугуна коркунуч аз болот.
4. Адилеттүү шайлоо системасы керек.
5. Сырткы факторлордон геосаясый кырдаал жана коңшу мамлекеттердин саясаты да Кыргызстандын туруктуулугуна таасирин тийгизет.
6. Узак мөөнөттүү стратегия катары мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздоо, демократиялык институттарды бекемдөө, о.э. экономикалык өнүгүүгө басым жасоо зарыл.